Жараткан жашоо берген баарыбызга,
Ар түрдүү тагдыр жаза багыбызга.
Өмүрдүн ар бир күнү текке кетпей,
Жароокер жарың болсун жаныңызда.
Кайырма:
Дайыма күлкү бассын санаабызды,
Эр жүрөк, эстүү кылсын балабызды.
Тирүүлүк кырын ашып кеткичекти,
Урмат-сый курчап турсун арабызды.
Эркелеп жакшы тилек оюбузга,
Эрте эле түштүк бакыт жолубузга.
Себепчи биздин асыл тилегибиз,
Жол ачты далай бакка конуубузга.
Кайырма:
Кыялдар учуп конбой түнөгүнө,
Ар бир жан жетсин максат, тилегине.
Чын сүйүү ишенимдин бул эркенин,
Бек сактап келатамын жүрөгүмө.
Кайырма:
Айпери Кулбаева — Ак тилек тексти
Датасы: 08.09.2020 Көрүүлөр: 215