Туулган жерим, ыйыгымсың бабам баскан,
Баары-жогун бирдей көрүп, бирдей баккан.
Шамалыңа көкүл сылап эркелетсең,
Ызгаарда ороп чулгап, коюн каткан.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
Жаралагандан жанып турган жарыгымсың,
Аталардан калган өзөк, тамырымсың.
Кубат кетип, алдай тайып турганымда,
Гүл азык болуп берчү азыгымсың.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
Сырын сактап, сының сактап, өмүр улап,
Жылдар эмес кылым өтөөр убап-чубап,
Сурай албай калсам дагы абалыңды,
Сен турарсың урпактардан абал сурап.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
Айпери Кулбаева — Туулган жер тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 218