Мушфики дегендин семиз кою бар экен. Ага молдолордун көзү өтүп, Мушфикини кыстап сойдурмай болушат:
– Билесиңби, Мушфики, эртең акыр заман болорун? Сага айтар акылыбыз: коюңду сой да, бизге жакшылап бир шишкебек камда!
Мушфики молдокелерге аний демекпи, макул болот. Баары ээрчишип суу жээгине барып, шишкебекти ошол жерден чыркыратмай болушат. Кой союлуп ары-бери болгуча; молдокелер үстүңкү кийимдерин чечип, сууга кирине башташат.
Мушфики отту алоолонто жагат. Анан эле күтүүсүздөн ызаланып, молдокелердин болгон кийимдерин кучагына кысып келип, алоо отко ыргытат.
— Эй, Мушфики! Сен эмне, акылыңдан айныдыңбы… бизди жылаңач калтырып?! Эми кайда барабыз? – арыдан чыркырайт бирөөсү.
— А силер эртең барыбир акыр заман деп атпайсыңарбы! Кийимдин эмне кереги ар анда? – деген экен Мушфики.