Кеч күз болучу. Бүт мөмө-жемиштер күүлүп түшкөн, желип бүткөн. Бирок саргарган жалбырактардын арасына бир кызыл алма жашынып калыптыр. Серең-серең секирип, өз жолу менен бараткан коён кокусунан аны көрүп калды. Табарын тапты дечи, бирок кантип үзөт? Бийик өскөн алма бакка канчалык кыйын болсо да секирип жете алмак эмес.
— Карк-карк! — эткен үн чыгып, карай калса карга учуп баратыптыр.
— Эй карга, алмамды үзүп берчи! – деп кыйкырган коён каргага алманы көрсөттү.
Сүйүнүп кеткен карга алмага өзү жалгыз ээ болом деп ойлоду да, үзгөндө көтөрө албай түшүрүп жиберди.
— Рахмат, карга дос! – коён ала калганча болбой; алма жандуудан бетер качып жөнөбөспү. Коркуп кеткен коён алаңдаган көзүн токтотуп карап, алма бак түбүндө жаткан кирпиге түшүп тикенегине сайылып калганын, ал чочуп ойгонуп качып жөнөгөнүн түшүнө калды. – Токто, токто! Менин алмамды кайда алып жөнөдүң!
Кирпи токтой калып жооп берди:
— Жок, бул менин алмам. Менин жонумда турабы, демек меники!
— Бул алманы мен тапкам, демек меники!
— Экөөңөрдүкү эмес! Мен бактан үзгөм, меники!
— Жок меники!
— Меники!
Үчөө бүткүл токойду баштарына көтөрө кыйкырып, жулмалаша кетишти. Карга кирпини тумшугунан чокуп алды, карганы коён бөйрөккө тепти, кирпи коёнду тикенеги менен сайып калды.
Капысынан күркүрөгөн үн угулду:
— Эмне деген ызы-чуу, каяктан чыккан тополоң!
Үчөө, кабак түйө карап турган аюуну көрүп арыздана кетишти:
— Алманы мен тапкам, бербей жатышат.
— Мен үзсөм, талашып атышат.
— Менин жонумда тургандан кийин меники да.
— Чурулдабай башынан түшүндүргүлөчү. Ким тапты алманы? – кайра күркүрөдү аюу.
— Мен, — деди коён.
— Ким үздү?
— Мен, — деди карга.
— Ким тосуп алды?
— Мен, — деди кирпи.
— Анда эмесе бул алмада үчөөңөрдүн тең эмгегиңер бар экен. Демек алма өчөөңөрдүкү.
— Кандайча үчөөбүздүкү болот? Алма бирөө эле болуп атпайбы.
— Макоолор! Алманы үчкө бөлбөйсүңөрбү.
— Аа чын эле, бөлүп жесек болот да!
— Ушуга да акылыбыз жеткен жокпу!
— Бөлсөк текши жетет турбайбы!
Азыр эле Уруша кеткен үчөө кеңешип алманы төрткө бөлүп, ар кими бирден бөлүк алып, бирин аюуга беришти.
— А мага эмнеге берип атасыңар? – түшүнбөй калды аюу.
— Алманы калыстык менен бөлүштүргөнүңүз үчүн…
Көрдүңөрбү балдар бирөөнө да жетпей жаткан алманы төртөөнө жеткирген калыстык менен ынтымактын күчүн.