Апакем мактабачы, көзүмчө көкөлөтүп
Канымдан бүткөнсүң деп, үйрөтпө эркелетип.
Апаке алкай турган сөзүңө татыбаймын
Саргартам жол каратып, үйүңдөн эрте кетип.
Саргартам жол каратып,
Саргартам жол каратып,
Апакем эрте кетип.
Аяйсың ачка калсам, акылсыз ишке барсам
Армандуу түйшүктөрдү, мойнума жүктөп алсам.
Убайга салып сени, күттүрүп кеч келгенде
Маңдайдан сылабастан, кайра бир муштап алсаң.
Маңдайдан сылабастан,
Маңдайдан сылабастан,
Апакем муштап алсаң.
Апакем даабайсың сырыңды угузаарда
Перзентиң аяймын деп, кайра аны бузуп алба.
Сен кетсең, зар болоормун сөз тургай карааныңа
Сыйымды көрүп алгын, апаке көзүң барда.
Сыйымды көрүп алгын,
Төрүмдөн орун алгын,
Апакем ай, көзүң барда.