Өткөн бир заманда өнөрү арткан, билими ашкан эли бар бир өлкө болгон экен. Сүрөтчүлүк өнөрдөн жаралган сүрөттөрү музейлерге толуп, китеп чыгаруу өнөрүнөн жаралган түрдүү китептери китепканаларына батпайт. Карылары сөөлөттүү, балдары билимдүү бул өлкөгө сугун артып, сырттан душман басып келет.
Согуш дегенди билбеген, билим-илимден башканы көздөбөгөн бул эл канчалык каршылык көрсөтсө да, каардуу душмандар далай айла-амал, далай күч менен жеңип алышат. Жеңет да, алар бүткүл музейлердеги түркүн сүрөттөрдү, китепканалардагы нарктуу китептерди калтырбай тоноп, жүздөгөн төөлөрүнө жүктөтүп, өз элине жөнөйт. Музейлери менен китепканаларын тыйпыл кылып өрттөшөт.
— Бул элди ушинтип гана жеңүүгө болот, — дейт каардуу душмандардын ханы мыйыгынан жылмайып.
Ошондо элдин бар байлыгын тоногон каардуу ханды нарктуу карыялар чогулуп, алдын тосушат.
— Элибиздин болгон-толгон байлыгынан ажыратканча, биздин башыбызды кесип кет,- дешет чөгөлөшүп. Душмандар буга көнүшпөйт.
— Балдарыбызды келечегинен ажыратканча, үй-мүлкүбүздү, мал-жаныбызды бүтүндөй алгыла,- дешип барктуу байбичелер келишет жүгүнүшүп.
Каардуу душмандар буга да көнүшпөйт, узап жөнөй беришет. Ошондо бүтүндөй кыз-келиндер алтын-күмүш билерик-шакектерин, байбичелер чачпак-чолпуларын, жигиттер алтын кемер-курларын, күмүш ат жабдыктарын, кылыч-найзаларын, карыялар ай-туяк жамбыларын чогултуп, эчен төөлөргө жүктөп артынан жетишет.
Каардуу хан мындай байлыкты көргөндө көзү кызарып, алданат. Алып кетип бараткан эчен сонун китептер менен сүрөттөр алтын-күмүштүн ордунда курулай кагаз сыяктуу көрүнөт. Анан аларды кайрып берет экен.
Көрдүңөрбү, балдар, адамга алтын, күмүш-темир керек бекен же акыл байлыгы — китеп керек бекен? Кимге эмне керек болсо, ошону алат, -деген ушу тура.
Оа