Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнү жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери «дүрт» эткен.
Сел болуп каптап,
Нур болуп аппак,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак куулар учуп,
Канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү буруп,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.
ТУШУМО КИРДИН ТУНДО СЕН ТЕКСТИ АБДАН КАТА БЕРИЛГЕН
Катасы жок, тексте, А.Бедияровдун өзүнүн аткарүусунда уктум.