Илгери, илгери бир кандын улуу катынынан эки бала, кичүү катынынан Асан деген баласы болуптур. Бир күнү кан түш көрүп, түшүндө булбулдун сайраганын угуп, ошол булбулга ашык болуп калат. Кан күндөн күнгө саргайып, акыры чоң ооруга чалдыгат. Атасы эмнеден ооруп жатканын балдары билишпейт.
Бир күнү кан үч баласын чакыртып:
— Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам сайратып, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктан ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер? — дейт.
Улуу катындын эки уулу:
— Биз алып келип беребиз,- дешет.
Ошол кезде Асан али эр жетелек болот.
— Булбулду алып келүү Асандын колунан келет эле, бирок ал жаштык кылат, а силердин колуңардан бул иш келбейт,- дейт кан.
— Бизди Асандан кемсинтет,- деп эки уулу атасына таарынышат.
Кан:
— Кой, таарынбагыла, үчөөң тең баргыла,- деп үчөөнү тең жиберет.
Баягы кандын эки уулу Асанды ээрчитип алып, жүрүп олтуруп, бир тактай кудукка барышат. Ал кудуктун жанында эки жол жатат. Бир жолго «барса келет», бир жолго «барса келбес жол» деп жазылып коюлган.
«Барса келет жолго» эки агасы түшөт, «барса келбес жолго» Асан түшөт. Бул үчөө жолго чыга электен мурун Асан:
— Үчөөбүз кудуктун тактасын үч аталы, кимибиз келсек, тактадан өзүбүздүн огубузду сууруп алалы, келгенибизди ошондон билели,- дейт.
Тактаны үчөө үч атат да, жолдоруна түшүп жүрүп кетишет.
Асан жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир күмбөзгө жолугат. Кирип барса түрдүү тамактар бышып турат, эки жагын караса, эч ким жок, курсагы ачкан Асан тамакты иче баштайт. Күмбөздүн төбөсүндө аңдып жаткан мастен кемпир:
— Бейжооп тамакты ичип жаткан ким?- деп кыйкырып түшүп келет да, Асанды кийик кылып коет.
Ал кийик мени бирөөлөр атып жеп коёт деп мастен кемпирге жалына берет. Мастен кемпир кийиктен жадап, анын тилин дубалап байлап коет. Кийик мастен кемпирден түңүлүп андан ары кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп дагы бир күмбөзгө жолугат, кирип барса, баягындай түрдүү тамактар бышып турат, бирок Асан коркуп такыр жебейт. Бир маалда күмбөздүн төбөсүнөн бир кыз:
— Бул жерде бейжооп жүргөн ким?- деп түшүп келет.
Кийик бүрүшүп, корголоп калат. Кыз кийиктин адамзат экенин билет да, «Мастен кемпир кылгылыкты кылган экен» деп кийикти дубалайт. Кийик адамзат болуп чыга келет.
Кыз:
— Сен кайдан жүргөн баласың?- деп сурайт.
Асан тили жок, дудукча колу менен жаңсайт. Кыз «Асандын тилин да байлап койгон экен» деп, тилге келтирет. Асанга тил кирет, ал кызга жол жүрүп баратып мастен кемпирдин үйүнө туш келгенин, ач болгондуктан тамактарын жеп койгонун, мастен кемпир тамагын кызганып, кийик кылганын жана башкаларды айтып түшүндүрөт. Кыз Асандын эрдигине ыраазы болуп, түрдүү-түрдүү тамак-аштарды коюп сыйлайт. Ошентип экөө турмуш куруп, жыргап жатып калышат.
Күндөрдүн биринде Асан:
— Атам кан эле, бир мукам сайраган булбулдун үнүнө ашык болуп калып, ошол булбулду таап келгин деп жиберди эле, мен ошол булбулду издеп жүрөмүн,- деп кызга чын сырын айтат.
Кыз:
— Ал булбул жин перинин падышасынын кызынын колунда турат. Тоонун башында бир кара куш бар, ал жыл сайын тууйт, бирок жыл сайын балдарын ажыдаар жеп коёт, ошонун балдарын ажыдаардан аман куткарсаң, сени булбулга ошол кара куш жеткирет. Анын балапандары темир канат болуп учар убагында уянын түбүнө чуңкур казып, ошол чуңкурда жааңды алып, андып жаткын, ажыдаар келгенде атып өлтүргүн,- дейт.
Асан тоонун башына барып, баягы келинчеги айткандай жаасын алып, кара куштун балапандары жаткан уяны аңдып жатат. Бир убакта ажыдаар келип, уяга чыга баштайт, балапандары чырылдап, чыркырашат. Асан ажыдаарды тең бөлө атат. Аңгыча болбой үйдөй ташты үтүрөңдөтүп, койдой ташты котураңдатып, бороон-чапкын менен кара куш келет. Келсе, балдары аман-эсен. Сүйүнүчү койнуна батпай, балапандарынан:
— Ажыдаардан кантип кутулдуңар?- деп сурайт.
Балдары:
— Ажыдаар бизди жутам деп уяга чыгып келатканда мына бул киши атып өлтүрдү,- деп жооп беришет.
Ошондо кара куш:
— Сен мага аябай чоң жардам кылган экенсиң. Эми сенин эмне мүдөөң бар?- дейт.
Асан:
— Жин перинин падышасынын кызынын колундагы булбулду алып бер,- дейт.
Кара куш булбул кушка кантип баруунун жолун бардык куштардан сурайт. Ошондо жин перинин падышасына үч жыл туткун болгон көөдөнү адам, көчүгү куш киши кара кушка:
— Жин перилер удаасы менен үч күн уктайт, ошол уктап жаткан кезде барсаңар. Кудайдын жалгаганы, уктабаган убакта барсаңар кудайдын каргаганы,- дейт.
Кара куш Асанды алып жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп алардын уктаганына бир күн калганда барышат. Ал күнү токойдун ичинде жашынып жатып, эртеси Асан алтын туурда олтурган булбулду алып, келинчегине келип, үчөө жөнөп кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп баягы такталуу кудукка келишет. Асан үч окту караса, үчөө тең тактада кадалган бойдон турат. Асан эки агасынын кетпегенин билет да, келинчеги менен булбулду ошол жерге коюп, өзү эки агасын издеп кетет.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир айылга келет. Келсе, бир агасы Чокой деген байга, бир агасы Кепич деген байга малай болуп жүргөн жеринен табат. Асан агаларын алып кетемин десе, байлар:
— Бул экөөнүн ичкен-жегенин төлөмөйүнчө, кое бербейбиз,- деп чатак кылышат.
Асан эки агасынын ичкен-жегенин бүт төлөп, куткарып кудукка барат. Ошол жерден эки агасы Асандын келинчегин, булбулду көрүп көңүлдөрү бузулат. «Уялбай кантип барабыз» деп, Асандын эки көзүн чукуп, сокур кылып туруп, кудукка салып жиберишет. Булбул Асандын эки көзүн кебезге ороп, эки канатынын алдына катып коёт. Асандын келинчеги карматпай качып кетет.
Баягы Асандын эки агасы:
— Булбулду биз алып келдик,- деп атасына алып барышат. Кан эки уулунан:
— Булбулду кантип таап келдиңер?- дегенде, бирөө:
— Күлүк ат минип караңгыда уурдап келдик,- дейт. Экинчиси:
— Караңгыда жөө эле уурдап келдик,- дейт. Балдарынын сөзүнүн эки ачалык билингенден кийин:
— Сени ким алып келди?- деп булбулдан сурайт. Ошондо булбул:
— Бул экөөнүн иниси Асан деген алып келген, бирок бул экөө намыс кылып, Асандын эки көзүн чукуп, такталуу кудукка салып жиберишти, эки көзү менин эки канатымдын алдында турат, Асан өлгөн жок, тирүү эле кудуктун түбүндө жатат,- дейт.
Кан кудуктан Асанды алып келдирип, эки көзүн жылуусунда салдырып, мүрөктүн суусун куйдуруп айыктырат. Ал эми берки эки баласын даргага тарттырып өлтүрөт.
Кан каалаган булбулуна жетип, Асан келинчегин алып келип, элине кан болуп, жыргап-куунап жатып калышат.