Бир ирет аюу багыштан сурайт:
— Эмне үчүн жаныбарлар ар түрдүү? Сенин башыңа тарбайып бак өскөн, а меникинде бир да бүдүр жок. Кызык!
— Чын эле, биз бир жерде жашасак да эмнеге таптакыр окшош эмеспиз? — деп ойлоно түштү багыш. – Бул эмнеден?
Экөө бул суроого жооп таба албай отурганда кочкор келип калды. Экөө баягы суроону ага узатышты:
— Айтсаң кочкор, эмне үчүн биз бири-бирибизге окшош эмеспиз? Сенин башыңа эмне себептен эч кимдикине окшобогон эки жоон бутак өсүп чыккан?
Кочкордон да оңдуу акыл чыккан жок. Үчөө кайрадан узак ойго батышты. Бирок бул суроого жооп таба алышпады. Акыры тажаган багыш жалакайланды.
— Жок, мен мындан көп ойлоно албайм. Башым ооруп кетти, — деп бул жерден куйрук түйдү. Артынан башы айланганын айтып кочкор зуу койду.
— А-а мен билдим! – деп сүйүнүп кетти аюу алар кетери менен башына келген бир ойдон улам. – Ойлонгонду жакшы көрбөгөн багыш менен кочкордун башына жер семирткич толуп калгандыктан арбайган-тарбайган бутак-сутактар өсүп чыккан турбайбы!
Балдар силер да ойлонгондон качпагыла, антпесеңер кочкор менен багыштай болуп каласыңар.