Бирде жүрөктөн, бирде өрттөн
Жазган катымды.
Атай албайм, жаза албайм
Сенин атыңды.
Билсең мага жагаарыңды,
Түшүнмөксүң абалымды
Көтөрбөстөн баркыңды.
Кайырма:
Сумсайтпастан сунган колду
Ак сүйүүмдү билсең болду.
Улагага отурамын
Уйкусурап карап жолду.
Менден качпа, тетир баспа
Салба артыңды.
Сүйүп алам, сыйлап алам
Сендей алтынды.
Толуктачы катарымды,
Кошчу турмуш сапарыңды
Көкөлөтпөй баркыңды.
Кайырма:
Билип койчу, угуп койчу
Берем антымды.
Ырлар жазып чыгарамын
Сенин даңкыңды.
Бийик болсоң, бийик сүйөм,
Жан дүйнөңдү ийип сүйөм
Көтөрө бер баркыңды.
Кайырма:
Бек Борбиев — Ак сүйүү тексти
Датасы: 26.11.2020 Көрүүлөр: 12321