Эртелеп келатканда баштап көчтү
Тагдырдын таш бор ташы капыс көчтү
Дүйнөсү конторулуп ыйлайт апам
Мен үчүн ата деген жылдыз өчтү
Кайырма:
Асманды чартка айланып шумкар калды
Азоонуп жайнактанган тулпар калды
Аттин ай мөмөлөрүң төгүп бышкан
Атаке өзүң баккан багың калды
Кош ата эл аралар эшиң калды
Өстүргөн сен ишенген кишиң калды
Турмуштун өзү күрөш билем ата
Эл айтар эл ичинде изиң калды
Жөнөкөй карапайым элең ата
Жүлөгүм дале сенсиң сенсиң ата
Алыскы сапарыңа кете бердиң
Камчыдай бек болгуң деп берип бата