Бир абышка чамгыр отургузат. Чамгыр абдан чоң болот. Абышка чамгырды жулуп алайын десе жерден сурулбайт. Тартып -тартып чыгара албайт.
Кемпирин чакырат.
Кемпири абышканы,
Абышка чамгырды —
Тартып -тартып чыгара албайт.
Кемпири абышканы,
Абышка чамгырды —
Тартып -тартып чыгара албайт.
Кемпир небересин чакырат.
Небереси кемпирди,
Кемпир абышканы,
Абышка чамгырды —
Тартып-тартып чыгара албайт.
Небереси күчүгүн чакырат.
Күчүгү небересин,
Небереси кемпирди,
Кемпир абышканы,
Абышка чамгырды
Тартып-тартып чыгара албайт.
Күчүк мышыкты чакырат.
Мышык күчүктү,
Күчүгү небересин,
Небереси кемпирди,
Кемпир абышканы,
Абышка чамгырды —
Тартып-тартып чыгара албайт.
Мышык чычканды чакырат.
Чычкан мышыкты,
Мышык күчүктү,
Күчүгү небересин,
Небереси кемпирди,
Кемпир абышканы,
Абышка чамгырды-
Тартып-тартып чамгырды жерден сууруп алышат.
катаасыз эч нерсе болбойт,эң соонун жазып чыгарып койгондорго чоооң рахмат.
Ооба
Ооба
МАГА АЯБАЙ ЖАКТЫ. ОКУУЧУЛАРЫМ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ АТКАРДЫК
Мага жагты