Ашык болдум бир сулууга аке деген
Аалам кезип көккө жетип
Түштүк кызын кыялданам үмүт менен
Акылыңдан кетип
Кайырма:
Ак сүйүүмдү тапканда
Алоолонуп жатканда
Аке дебе жүрөк оорутуп
Жаным деги эркеле
Жообун берчи эртелеп
Көпкө күттүрбө үмүт солутуп
Жүрөк эрийт
Түштүк кызы ширин сүйлөсө
Жылмайбаса керек мени дагы сүйбөсө
Таанып мына кете жаздайт жүрөгүм
Карагаттай көзү сүрдөсө
Асса сөздөр кулагыма жага берди
Үмүт берип сүйүп көрүп
Бишкеке кеттик десем ага дедиң
Сунушума көнүп