Сенин сулуу келбетиң жүрөгүмдө сакталат
Сансыз күндөр өтсө да сезимдерим алмашпайт
Ар бир күнүм сен менен таң атырып баткандай
Күн нуру жалгыз бизге жылуулугун чачкандай
Сен бар үчүн жашоомдо жүрөгүм толкуп ташат
Сенин демиң күч берип алоолоп күйүп жанат
Түгөнбөсө экен дейм, бактылуу күндөрүбүз
Бул өмүрдө экөөбүз бөлүнбөс түгөйлөрбүз
Кайырма:
Менин асылкечим асылкечим асылкечим
Ортобузда бир сезим
Жанымда болгуң дайым кылыктана эркелеп
Деңиздей көздөрүңбү мени турган жетелеп
Жашоо өзү керемет бакыт тапкан жан билет
Сенин сүйүүң мен үчүн кудайдан келген белек
Сен бар үчүн жашоомдо жүрөгүм толкуп ташат
Сенин демиң күч берип алоолоп күйүп жанат
Түгөнбөсө экен дейм, бактылуу күндөрүбүз
Бул өмүрдө экөөбүз бөлүнбөс түгөйлөрбүз
Кайырма:
Менин асылкечим асылкечим асылкечим
Ортобузда бир сезим
Сага арнап жаздым ырларды мен
Океандай терең
Жүрөгүмдүн ачкычын бергем
Жакыным деп сезем жакыным деп билем