Бир дыйканга түрк тилинде кат келет. Буга абдан таңгалган сабатсыз дыйкан катты окуган соң македончо которуп бере турган кишини издеп жөнөйт. Бирок бир күн бою издесе да андай киши жолукпайт. Акыры суй жыгыла жаздаганда түркчө кийинип, апакай чалма чалынган Кожо алдынан чыгат.
— Таксыр, улуу урматтуу таксыр! – деп ага кайрылат дыйкан. – Кудай үчүн катымды окуп берип коёсузбу…
— Уулум, мен деле сен сыяктуу сабатсызмын, катыңды окуй албайм, — дейт Кожо.
— Кандайча? Ушундай апакай чалманы чалынып жүрүп окуй албайсыз? – дейт таңгалган дыйкан.
— Кептин баары чалмада болсо, анда ме муну чалын да катыңды өзүң окуй бер! – дейт Кожо мыскылдуу жылмайып.