Балдар өз ара бири-бири менен достору жөнүндө сөз
козгошуп, талашып-тартышып келе жатышты. Алардын ар
кимиси өз оюн бербей, мактанууга аракеттеништи. Самат:
‒ Менин досум эң жакшы. Менден жанын да аябайт.
Эмне сурасам баарын бергенге даяр, ‒ деди.
‒ Менин досум болсо үй тапшырмасын аткарбай калга-
нымда түшүндүрүп, кеңеш берип отурбай, шыр эле депте-
ринен көчүртө коёт, ‒ деп мактанды Замир.
‒ А менин досум абдан күчтүү. Спорт менен машыгат.
Мага катылган балдардын катыгын берет, ‒ деди үчүнчү бо-
луп Асыл компоюп.
Ошентип, баары чуулдашып жатышты. Балдардын та-
лашы күчөгөндөн күчөдү. Баятан бери алардын талашына
үн катпай келе жаткан Апаз:
‒ Койгулачы, балдар, досторуңарды канчалык мактаса-
ңар да менин досума эч бири жетпейт экен, ‒ деди.
Балдар бир азга унчукпай калышты. Эмне үчүн деген-
сип Апазга суроолуу тигилишти.
‒ Менин досум баарыңардыкынан мыкты. Ал эң акыл-
дуу, билимдүү жана абдан кымбат.
‒ Айтсаң, Апаз, ал ким? ‒ деп балдар чуулдап жибе-
ришти.
‒ Анда ал ким экенин айтайынбы?
‒ Ооба, ооба… Айтчы.
‒ Айтса айтайын. Менден эч нерсесин аябаган, качан
болбосун жардамын берүүгө даяр турган менин эң кымбат
досум бул ‒ китеп. Билесиңерби, ал мага акыл-эс, билим
берет, эл үчүн иштөөнү, адамдарды урматтоону, Мекенди
сүйүүнү, дүйнөдөгү бардык керектүү нерселерди үйрөтөт.
Ошондуктан, китеп ‒ менин эң жакын, эң жакшы, эң кымбат
досум! ‒ деди.
Оа мага жакты