Шамал минсең жетпейсиң,
Санаа менен өмүргө.
Санасаң санаа бөлүнөт,
Өмүр менен өлүмгө.
Булут минсең жетпейсиң,
Мурунку өткөн чагыңа.
Муунуң кетип карыса,
Ажал келет башыңа.
Алтындан кээжим тор түйүп,
Алганың калат бул жайда.
Алтын чырай, нур сөөлөт,
Арзыган калат бул жайда.
Күмүштөн кээжим тор түйүп,
Күйгөнүң калат бул жайда.
Күмүш чырай, нур дөөлөт,
Күткөнүң калат бул жайда.
Бул жалганчы дүйнөнүн,
Өлүмү ушундай куу жайда.
Беш тогоол болбой жай болбойт,
Пейли тар киши бай болбойт.
Көп болуп жылдыз ай болбойт,
Көөнү тар адам бай болбойт.
Шагылы болбой зоо болбойт,
Шайыры болбой эл болбойт.
Пейили жакшы кем болбойт,
Этекти кессең жең болбойт.
Желкени кессең тон болбойт,
Жеткилең бийик жол болбойт.
Ыргайдан катуу шиш болбойт,
Тууганың катуу болгон соң,
Мындан бир кыйын иш болбойт.
Арык койдун терисин,
Алты ашатсаң ий болбойт.
Атадан жаман тууганды,
Ак кийизге салдырып,
Көтөргөн менен бий болбойт.
Теректин түбү тыт болот,
Жаман киши кырс болот.
Каарына чындап алганда,
Ак жайдын күнү жут болот.
Жаман менен дос болсоң,
Акыры бир күн кас болот.
Жакшыны мээнет чырмаса,
Жакыны менен кас болот.
Баланы мээнет чырмаса,
Сары карт чыгып таз болот.
Ат жакшысы боз болот,
Алганы жакшы жолукса,
Атасы душман – дос болот.
Бул дүйнөдө не карып?
Замандашы болбосо,
Карыя болор тез карып.
Эл жакалай конбосо,
Бетегелүү бел карып.
Каз-өрдөгү болбосо,
Айдыңы чалкар көл карып.
Айтып жүрөм ар кимге,
Аңгеме кылып мен карып.
Гүлзат Байзакова — Калыгулдун казалдары тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 904