ӨТҮКЧҮ ГИЦЕК

Бир мерте чермдик Кубиш менен Паштьялка аттуу эки коңшу өтүкчү Гицекти чочутмак болушат. «Бирок кантип?» — деген суроо туулат. Анткени Гицек коркуу дегенди билчү эмес экен.

– Кел, минтебиз, – дейт шайтанданган Паштьялка, – сен өлгөн киши болуп, табыттын ичинде жатасың, анан ал кыйын болсо түнү менен өлүктү кайтарганын көрөбүз.

Читать далее ӨТҮКЧҮ ГИЦЕК

ӨЗ ЖАЗАСЫН АЛГАН КЕЧИЛ

Монастрда жашаган кечил[1] болуптур, бетелди[2] абыдан жакшы көрчү дейт. Ал күнүгө кыштакта ким-бирөөнүн өлгөнү туурасында билип кел деп өз нөкөрүн[3] тызылдатып жүгүртчү экен. Анткени өлүк чыккан жерде анын шыбагасына бетель буюрчу дейт.

Кокусунан бир дыйкан «Бүгүн ким өлгөнүн билип кел» деген кечилдин нөкөргө айткан кебин угуп калат. Дыйкан анан өз үйүнө келет да туугандарын жыйып, минтип турганы:

– Кечилге көргүлүктү көрсөтпөсөм элеби. Анткени ал шүмшүк бетелге тоюнуш үчүн кыштакта ким өлгөнүн тиленет экен. Көрсө ага адам өмүрүнөн да бетель кымбат турбайбы! Андай неменин акесин окутуш керек, келгиле, мен өлүмүш болуп жатайын, силер менин тажияма даярдык көрүп, озондоп ыйлагыла. Кечилдин анан жүгүрүп келбегенин көрөйүн!

Боздоп-сыздаган үндөрдү уккан кечил ичинен кымыңдап сүйүнүп, сөөк чыгар үйгө жетип келет. «Маркумдун» жакындары айтат ага:

– Көз жумган кургурубузду эртерек өз жайына берели. Күн да кечтей электе ылдамдатпасак, келгендерге аш камдоого үлгүрбөй калабыз.

Кыйсыпыр түшүп, «өлгөнгө» даярдангандын баары от жагууга шашат. Табыттын жанындагы «маркумдун» туугандары кечилдин колуна «сөөктүн» үстүндөгү жабуунун бир учун карматып коюшат.

– Сиз биртууганыбыздын бейишин Кудайдан тиленип туруңуз, биз болсо «маркумдун» зыйнатына жагылчу от камын көрөлү, – дешет да, кечилди «сөөктүн» жанына жалгыз калтырып кетишет.

Читать далее ӨЗ ЖАЗАСЫН АЛГАН КЕЧИЛ

ӨЙ, АТТЫ КИРГИЗ ДЕЙМ!

Арабакеч Петруччо үйлөнөт. Үлпөт тою өткөндөн кийин колуктусун өз үйүнө алып келип, деп турганы:

– Йе, Розина, энди экөөбүз сонун жашайбыз! Мен сырттын тирлигин кылам, сен үйдүн. Мен жумуштан качпайм. Эртеден кечке иште десең да: араба менен жүргөнүм жүргөн. Бирок мен үйгө келгенимде – бүттү! Калганы сенин түйшүгүң. Дарбазадан кирерим менен: «Өй, атты киргиз!» – дегенимди угаарың менен чуркап чыгышың керек.

– Мэ, сага! – дейт Розина, – Мага ошол эле жетпей аттеле.

– Кантип жетпей аттеле… Эй, аттын ээр токумун алып, жем-чөбүн, суусун беришиң керек! Мен келем да: «Өй, атты киргиз!» дейм. Бүттү!

– Айттым го сага, – Розина сөзүн жулуп алат күйөөсүнүн, – атыңдын жанына да жолобойм. Ата-энем үйдө мени ат бакканга үйрөткөн эмес.

– Сен көп камсанаба, – дейт Петруччо, – сага баарын үйрөтөм. Атты кантип киргизишти көрөсүң.

– Көрбөйм эле!

– Бу не дегениң: эгер мен «Өй, атты киргиз!» деп кыйкырсам…

– Кыйкыра бер, мен чыкпайм үйдөн.

– Өй, Розина, көп жиниме тийбе, сыйың менен атты киргиз, – дейт Петруччо.

– Киргизбейм дедим! – Розина аңкилдейт.

Петруччонун да жаны кашайып өкүрөт:

– Киргиз дейм азыр!

– Киргизбейм!

– Киргиз!

– Киргизбейм!

Экөөнүн ызы-чуусун эшиткен коңшу-колоңдор жүгүрүп келип калышат.

– Кагылайындар, силерге не болду? Эмне талашыңар бар?

Петруччо түшүндүрүп баштайт:

– Мунун мага жардам бергиси жок. Мен айттым буга:

– «Атты киргиз», деп. Бул болсо: «Киргизбейм» дейт күйгүзгүр.

– Эми ушун үчүн тартышкандан уялбайсыңарбы? – дейт Джузеппе аксакал, – Жүргүлө, атыңарды мен эле киргизип берейинчи. Аныңар кайдале?

– Көрүп атасыз го, азырынча бизде кайдагы ат. Мен аны эми сатып алайын деп аткамын, – деген экен Петруччо.

Өзүнө жасаган кыянаттык

Терезе жасаган уста бир күнү жиндиге айтат:

– Жиндинин баары терезе талкалайт экен, а бекерпоз сенин негедир кылган ишиң жок. Бар, терезе талкала. Мага иш таап: ошонуң менен пайда келтиресиң.

Муну уккан жинди турабы, терезечинин үйүнө барып, чөнтөгүнө шыкап алган таштын баары түгөгүчө, айнектин бирин калтырбай күбүп таштайт.

Читать далее Өзүнө жасаган кыянаттык

Өнөрү бар мышык

Өткөн заманда Сулайман аттуу бай адам жашап, анын жападан жалгыз уулу болуптур. Атасы уулуна кеп акыл айтып, кеңеш берсе, уулу кулак какпайт. Акыры бул чоңоюп жеткенден кийин, атасы атайлап чакырып, минтип айтты:
— Балам, мен карыдым, өлерүме аз калды. Сенин жалгыз жүргенүң болбойт. Өз көзүм керүп өтсүн: элжуртту аралап, жакшысын тандап жүрүп, бир колукту тап. Бирок
Читать далее Өнөрү бар мышык