«Өзүмчүлдук жамандыкка жол ачат»

Бир күнү жаш дыйкан аялы менен бакчасында иштеп чарчап келишип дарактын көлөкөсүндө түшкү тамакка отуруп калышат экен. Ал күнү алар түшкү тамакка тоок союп куурушат. Алар эми тамак жей башташканда атасы алардын үйүн карай келе жаткандыгын көрүшөт. Тамак аларга аздай көрүнүп, дыйкан негедир тамагын атасы менен бөлүшкүсү келбейт. Ал атасы жакындаганда тамакты дароо чөптүн арасына катып коёт. Бирок атасы келип тамак жебей эле дасторкондон нан ооз тийип, балдарына бата берип кайра эле кетип калат. Атасы кетээри менен дыйкан чөптүн астына катылган табагын алып дасторконго коёт. Мына кызык… Табакта жанагы тооктун этинин ордуна бир бака жатат… Дыйкан аялы экөө көргөн көздөрүнө ишенбей туруп калышат. Бир маалда бака аларга карап:

— Эй жигит! Сен өз атандан бир тиштем тамакты аядың. Атан байкуш сени өмүр бою асырап, чонойтуп келди. Сен болсо өзүмчүлдүгүндү көргөзүп койдуң. Эми сен ушул кылганындын жазасын тартасың. Мындан кийин күн сайын бир тоок бышырып бересиң,- дейт да баланын так башына секирип чыгып, отуруп алат.

Дыйкан аябай ачуусу келип, баканы башынан түшүрүүгө аракет кылганда бака анын колун тиштеп алат. Айласы кеткен дыйкан бакага күн сайын тоок бышырып бере баштайт.

Ошентип алар күнүгө үч жолу тоок этин бышырып бакага берип турушат. Мына ушинтип бул эки жаштын бактылуу күндөрү оор күнгө айланат. Алар эгер тоок бышырбай коюшса, же кечигип эле калышса, бака баланын бетин тиштеп алчу болот. Алар баккан тоокторунун баарысын бакага бышырып берип жатып, акыры түгөтүшөт. Айласы кеткен дыйкан багылган койлорун сатып, тоок сатып алат. Бака болсо булардын тоокторун жеп, жыргап жашай берет.

Аягында дыйкан менен аялынын акчалары калбай, кембагал болуп калышат. Мындай абалга чыдай албаган эки жаш атасына барып кечирим сурайлы деп чечишет. Ошентип экөө ээрчишип алып атасынын алдына барышат. Болгон окуянын баарын айтып беришет. Атасы аларды угуп отуруп:

— Аябай жаман болгон тура. Не кылайын. Кантсе да баламсын да, ошондуктан мындай жаман абалга түшкөнүндү каалабаймын. Эми бака бизди угаар жана силерди кечирээр, дейт.

Бул окуяга күбө болгон жана баарын угуп турган бака дыйкандын башынан түшүп чөптөрдү аралап секирип кетет.

Мына ушинтип, жаш дыйкан бул кыйынчылыктан чоң сабак алыптыр. Анан эч кимге эч качан өзүмчүлдүк менен мамиле кылбай калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20
Акылдуу кыз жомок17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *