«Өзүмчүлдүк сүйүүнү өлтүрөт»
Илгери бир өлкөдө балдар ээн эркин оюн ойногон кооз аянт бар экен. Ал жерде ойногон балдар гүлдөрдөн теришип, дарактардын мөмөлөрүнөн топтоп жешчү экен. Анан дагы дарактардын калын бутактарына селкинчектерди курушуптур. Ал селкинчектерде отуруп алышып бирин-бири селкилдетишип шандуу, кыраан-каткырык күлкү салып ойношчу. Бул жерде балдардын шаңына бөлөнгөн канаттуу куштар, кооз көпөлөктөр дагы ары-бери учушуп, көнүл ачышчу.
Бир күнү бул жерге күтүлбөгөн жерден бир дөө келди. Ал аянтты аябай жактырды да: «Эми бул жер меники болот. Эч кимге бербейм» деп ойлоп, ойногону келген балдардын баардыгын кууп жиберди. Эч кимди бул аянтка жакындатпай койду.
Анан дөө дарылдаган үнү менен:
— Бул жер эми мындан кийин меники болот! Бул жерге эч ким келбесин, эч ким ойнобосун!- деп кыйкырып жатты.
Балдар андан коркушуп аянтка такыр келбей калышты. Ошентип дөө баарын кетирип жиберип, аянтка дубал тургузду. Балдар эми таптакыр аянтка кире албай калышты.
Кенен аянтта каалашынча ойношкон балдар буга аябай капаланышып, дөөнү жаман көрүп жатышты. Балдар эле эмес куштар, көпөлөктөр жана курт-кумурсканын баары кейипкепчип жатышты. Айланада баягы шандуу маанай жок, негедир баарынын көңүлдөрү суз болушуп, өздөрүнчө жүрөктөрү оорушту. Бак-дарактар да кайгырышып болгон жалбырактарын жана мөмөлөрүн төгүп салышты. Ал эми бажырайып ачылып турган гүлдөрдүн баары соолуп калды.
Ошентип убакыт өтуп кылычын алып кыш да келип, кар жаап, айлана апапакай болуп өзгөрдү. Канаттуу куштар болсо алыс жылуу жактарга учуп кетишти. Балдар дагы уйлөрүнөн көп чыгышпай калышты. Дөө болсо курган дубалынан чыга албай, ошонун ичинде жата берди.
Бирок бат эле кыш өтүп, жер бети кайрадан жандана баштады.
Дөө жаз келээри менен баары кайра өз ордуна келет деген ойдо болду.
Тилекке каршы ал ойлогондой болгон жок. Айланага жаз келип, карлар эриди. Сай-сай болуп суулар акты. Жер бетин жашыл тус каптады.
Бирок эң кызыгы дөөнүн аянтына такыр жаз келбей койду. Баары ошол турган бойдон калды. Дарактар бүчүр байлабады. Гүлдөр жерге чыгып жайнабады.
Дөө болсо жинденип:
— Эмне учун менин аянтыма дагы эле жаз келбейт?-деп кыйкырып жатты.
Ошол учурда жер астында жаткан байчечекей башын көтөруп:
— Анткени сен өзүмчүлдук кылдың. Бул жерде балдар шандуу ойношчу эле. Бул жер алардын оюн аянты болчу. Сен болсо, аларды кууп салдың. Ошондуктан сага жаз келбейт,- деди.
Дөө байчечекейдин бул сөздөрдөн кийин өзүнүн катасын түшүндү. Аянттын айланасына тургузган дубалды дароо кулатып, балдардын баарына аянтка кирүүгө уруксат берди. Кайрадан аянт балдардын шандуу үнүнө жанырды.
Ошентип аянттын ичи мурдагыдай болуп кулпуруп, жадыраган жаздын илеби келди. Балдар кубанып, канаттуу куштар сайрап, жыттуу гүлдөр жайнап, курт-кумурскалар ызылдап учуп, аянт шаттыкка бөлөндү.
Ал эми дөө булардын баарын көрүп туруп, жаман мүнөз болгон өзүмчүлдүгүн таштап, кең пейил болуп калган экен.
Эн жакшы
Айабай жакты мен 11 жаштамын мен жомокторду абдан жакшы кором
Эркин ойногон болуш керекпи ?
Аябай кызыктуу экен. Кызыма окуп берип жатып озум кызыгуу мн окудум
Балдарыма окуп бердим аябай жакты кызыктуу экен
Мыкты !
Кеебирөлөрундө ң жана ө жок экен ошонусу эле болбосо өтө сонун экен