Оозумдан чыгат үшкүрүк,
Көөдөнүмдөн жалын куюлат.
Жан курбулар, өткөн күнүбүз,
Баарысынан кымбат туюлат.
Биз мезгилди шылдың кылабыз,
Ден соолукту жашыл куракта.
Өкүнөрбүз чогуу боло албай,
Ар кай жерде, ар кай куракта.
Бул дүйнөгө келген нерсени,
Кеткис кылып жасап койсочу.
Белгисиз бир күндүн колунда,
Кылыч тура бизди мойсочу.
Мезгил мынча ылдам учат деп,
Карыялар ойлуу сүйлөшөт.
Билем андай токтоо болууга,
Бизди дагы турмуш үйрөтөт.
Жаштыктагы жалын күндөрүн,
Карыялар тез-тез эскерет.
Жамандыгы ичке катылып,
Эт жүрөгүн тилет кескилеп.
Кармаштарда кандар төгүлгөн,
Бул күн бизге оңой келбеген.
Алп жүрөктөр октон быркырап,
Аралашып калган жер менен.
Келе электе биз бул жарыкка,
Мойнубузга милдет тагылган.
Бийиктерге алып чыксын деп,
Биздин жаштык учкул чагылган.
Биз урунган жеңил буюмдар,
Кыйынчылык менен жаралган.
Үмүт ишке ашып жатпайбы,
Үлгүлөрү калып алардан.
Сак болгула, азиз курбулар,
Көңүл чөгүү деген илдеттен.
Колубузда журттун тагдыры,
Мойнубузда улуу милдеттер.
Каалабаган колун көтөрсүн,
Бирин-экин мында калчулар.
Калганыбыз Мекен буюрса,
Өлүмгө да ырдап барчулар.
Калмурат Рыскулов — Курбуларга тексти
Датасы: 19.10.2020 Көрүүлөр: 1153