Таарынбачы жаным мага
Кайгырбачы суранамын
Көз алдымда жашың төгүп
Жан дүйнөмдү кыйнабачы
Сен деп гана жашап келем
Түбөлүккө сүйө берем
Жаным мага таарынбачы
Жүрөгүмдү оорутпачы
Бул ааламда бир дагы зат
Экөөбүздү бөлө албайт
Сага деген тунук сүйүүм
Күндөн күнгө күчөп барат
Таазим кылам тагдырыма
Жолуктурган сага гана
Сени гана сүйүп келем
Бул жашоодо аманымда
Бул жашоодо асылымсың
Тилеп келген бакытымсың
Жаным магаг ишенип кой
Карегимдей кымбатымсың
Кагылайын кара жаным
Сенден көктөм суранамын
Жүрөгүмдүн дартын сезип
Күлүп койчу суранайын
Камчыбек Садыров — Таарынбачы мага жаным тексти
Датасы: 06.03.2023 Көрүүлөр: 15312