КИРПИ, МОМОЛОЙ ЖАНА ТҮЛКҮ

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
8

Бир жолу кирпи талаада кетип баратып, момолойдун ийинин көрдү. Тыңшаса — момолой жердин астын казып атыптыр. Кирпи момолойду чакырып:

— Чыкчы, тууганым, бир аз баарлашалы.

Боз топурак болуп момолой чыга калды да, кирпини тыңшадыэ.

— Менин байкашымча,- деди кирпи , — сен абдан эмгекчил экенсиң, андан улам менде бир ой жаралды.

-Ал кандай ой?- деп сурады момолой.

— Жакшы иш. Бирок сен макул болосуңбу, жокпу билбей турам.

— Эгерде экөөбүзгө тең жакшы болсо, эмнеге макул болбойм?- деди момолой.

— Кел, чогуу иштейбиз,- деди кирпи.- Сен жерди айдайсың, мен малалап, сээп чыгам. Ал эми түшүмдү тең бөлүп алабыз.

— Макулмун, кирпи тууган. Чогуу иштесек, иштерибиз алдыга жылат. Мен айдаганды билем, а малалаган колумдан келбейт, анткени менин ийнелерим жок. Алеми сенин ийнелериң бар, бирок меникиндей күчтүү буттарың жана тырмактарың жок. Экөөбүз бири-бирибизсиз иштей албайбыз, чогуу иштеп баарын тең бөлүп алсак, бизге абдан жакшы болот.

— Демек, сүйлөштүк,- деди кирпи.- Эмесе баштайлы.

Момолой жумушка киришти. Бир-эки күн тынбай иштеп, талааны айдап бүттү. Ошентип кирпиге да кезек жетти. Ал тоголоктоло калды да, айдалган жер менен тоголонуп жөнөдү. Бир күн, эки күн тынбай тоголонуп, учтуу ийнелери менен жерди малалап, буудайды айдады.

Жыл да жакшы болуп, буудай дүркүрөп өстү.

Эгинди жыйноо убагы келди. Бастырып, сапырып, тазалаган соң дөбө кылып үйгөн соң, четинен бөлүшө башташты. Кирпи кабын алып, буудайды оозуна жеткире салып:

— Бул мага!- деди.

Ал эми момолойдун кабына жарымынан салды да:

— А бул сага!- деди.

— Сен эмнеге өзүңө толтура аласың да, эмне үчүн мага жарымынан эле бересиң?- деп сурады момолой.

— Анткени менин жумушум сеникинен оор,- деп жооп берди кирпи.- Мен айдоону малаладым, баардык ийнелеримди сындырдым, бирөө да соо калган жок.

— Мен деле жерди айдап, бүт тырмактарымды сындырбадымбы,- деп талаша кетти момолой.- Эгер адилеттүүлүк менен карасак анда мага түшүмдүн көбүрөгү тиешелүү.

Сөздөн сөз чыгып момолой менен кирпи урушуп кетишти, мушташышты, бирин-бири айоосуз кекиртектен алышты.

Ошол убакта жакын жерде түлкү кетип бараткан эле. Ызы-чууну угуп, эмне болуп жатканын көрүүгө чуркап келип, тытмалашкан экөөнү ажыратып, алардын ортосуна түшүп калыстык кылмай болду. Анткен менен калыстыктан кайтып, буудайга көзү түшүп, аны экөөнөн алдап да, тартып да алмак болду.

Кирпи жерди малалап жатып канча кыйналганын айтса, момолой өзүнүн сынык тырмактарын көрсөтүп чебеленди.

Түлкү аларды укту да, мыйыгынан жылмайып, мындай деди:

— Көрүп турам, экөөң тең жакшы иштептирсиңер. Эч ким таарынып калбасы үчүн талашыңарды акыйкаттык менен чечип берем. Кандай айтсам ошондой болот. Макулсуңарбы?- деди.

— Макулбуз,- жооп беришти момолой менен кирпи.

— Байкашымча,- деди куу түлкү,- силер он ченем эгинди бастырыптырсыңар, ал эми саман менен топонду эсептеген эмессиңер. Самандарды бүт бойдон кирпи алсын, алдына кургактап төшөп жыргап калсын. Момолойго топондор бүт ыйгарылсын, кышы бою аны жеп тыңып алсын. Ал эми түлкүгө бүт он ченем буудай бүт берилсин. Тегирменге тарттырып, үйүнө ташып, камыр жууруп, нан бышырып, от жагып өз түйшүгүн өзү тартсын. Ал жумуштан силерди мен бошотуп, кургак саман-топонго оронуп, кышы бою тынч уктатканы калдым. Мына мен силерге талашыңарды калыс чечип бердим.

Кирпи менен момолой түлкүдөн корккондорунан каршы сөз айта алышпай калтырап туруп беришти.

Ошентип куу түлкү толтура буудай жүктөп кетти. Ошондо араң оозуна кеп келген момолой кирпиге мындай деди:

— Мына көрдүңбү, кирпи тууган, биздин уруштан эмне чыкты? Эгерде ач көздүк кылбай, ынтымак менен буудайды тең бөлүп алсак жыл бою ток жатмакпыз. Азыр болсо эч нерсеси жок калдык.

— Ошондой болуп калды,- деди кирпи үшкүрүнүп.- “Экөө мушташса үчүнчүгө пайда”,- деген сөз көрсө туура экен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.