«Колдо бар алтындын баркы жок»
Бир падыша жаны алган малайын жанына алып, кемеге чыгыптыр. Малайы болсо биринчи жолу кемеге тушуп жаткан болчу.
Чынында кемеде отуруп сапар тартуунун өзүнө жараша кыйынчылыктары бар эмеспи. Сапардагы киши жолдогу кыйынчылыктын баарына чыдай билиши керек.
Ошентип кеме ордунан жыла баштайт. Кеме биринчи кыймылдай баштаганда эле малай коркконунан ыйлап кирет. Денеси болсо тынбай титирей баштайт. Кемедегилер аны кандай кылышса да соорото албай коюшат. Ошондо кемеде бара жаткан бир аалым адам падышага:
— Уруксат берсениз, мен аны сооротуунун жолун билем,-дейт.
Падыша аалымга уруксат берет.
Аалым кедейди алат да, дениздеги сууга ыргытып жиберет. Мындайды күтпөгөн малай бакырып — өкүрүп кемедегилерди жардамга чакырат. Кемедегилердин баары буга тан калып калышат. Бир чети аалымга ыраазы боло карашат.
Ал эми малай болсо бир-эки жолу сууга кирип чыккандан кийин кеменин тепкичине жабышат. Муну көргөндөн кийин аны жолоочулар куткарып алышат. Кемеге чыккан малай бир бурчка барып, унун чыгарбай отуруп калат. Аалымдын чечимин жактырган падыша:
— Кантип мунун үнүн бастыңыз аалым мырза,- деп сурайт.
— Малай мурда кемеге түшпөгөн үчүн чөгүп кетүү коркунучун билбейт болчу. Ошондуктан кемеде болуу бул жакшы нерсе экендигинен да кабарсыз эле. Ошондой эле суудагы коркунуч менен кемедеги коркунучтун айырмасын дагы биле албайт болчу, — деп жооп берет.
Албетте тынчтык, бакыт жана ден соолук да дал ушундай. Аларды убагында баалап, кадырын биле калбасак, алардан ажырагандан кийин билгенибиз бекер кеп.
Сонун жомок экен
Сонун жомок экен
Да, мне понравилось, это была впечатляющая история.