Ак — мөңгүлүү бийик жер,
Аскалуу адыр тоолуу жер.
Кылымдап кыргыз жашаган,
Сарыколум көркөм соонун жер.
Ат баскан чыйыр кыялап,
Алты сап жаздым сыялап.
Айланып бүркүт бийикте,
Мекендейт тоону уялап.
Санжыралуу Сарыколум,
Керилип жаткан Кең-Колум.
Шамалын салкын сыдырым,
Желпинген жеңил жорголуу.
Сап саптын башы кайкалак,
Сай ташы самын тайгалак.
Ылаачын учса бийиктеп,
Канаты бир аз чайпалат
Мадиян. Пышарт, Кара-Көл,
Ак-Балык мөлтүр таза көл
Балыгы кеп Булун — Кел,
Байыркы Зор -Кел Казан -Кел.
Шаймактын шибер туланы,
Бахпурдун кайнайт булагы
Байыртан кыргыз мекендеп
Сарыколум байырлап келген турагы
Ок. Салыр ата Шаты
Пут Тарыхтар калбайт катылып
Ааламга кеткен кыргыздар
Үркөрдөй болуп чачылып
Опол-Тоо, Муз-Тоо мөңгүлүү,
Өзүнө бурат көңүлдү.
Кереге-өтөк көр
Теке, -Казылбай калган көмүрү.
Аскада жанат чырак — Таш,
Мөлтүрөп ийет булактар.
Боз шыбагы тегерек,
Ак коёну улактай.
Ак-Суу, Ак — Там, Баш — Күмбөз,
Бозой-Күмбөз, Үч — Күмбөз,
Кадам сайын мазарлуу
Жарты-күмбөз бүт күмбөз.
Баатырлар басып өткен жер,
Бабалар жашап өскөн жер.
Этегин кайрып эшендер.
Батасын берип кеткен жер.
Жылгада жүздөн төрт түлүк,
Жеримде малдын көп түрү
Байырлап келип нечендер,
Бай болуп кеткен көпчүлүк
Кылымдар өчпес күү чалар.
Кайберен түнөк жылгалар.
Таң тосуп тиктейт тектирди.
Калдайган караан кулжалар
Чубак Кошой, Ак-Балта Жакып жана Баабедин
Шерлер бектер откон жер
Ата теги Чон Алай Рахманкул хан баш болуп
Казы Атабан дагы бар
Көптөр туулуп өскөн жер
Кара- Тоону айланып
Кашкарга жолу кеткен жер
Тойуту күчтүү тоюмдуу
Тоо түздө өскөн терскендер
Ак-Суунусуусу көк кашка
Арашан агылып түшкөн Топ-Ташка

Балыгы сууда көрүнөт,
Балырлуу көбүк топтошсо.
Сарыколум, Ак-Суу, Кош-Агыл,
Сагынган биз- биз кусадар.
Алыста жүргөн бара албай,
Адамдар биз — биз кусалуу
Көпүрө-Башы, Суу-Башы,
Көкөнбек өткөн миң башы.
Көмүскө калган доордо,
Көп бектер өткөн жүз башы.
Жапаркул датка аминдер,
Жаннатта жүрсе оомийин деер.
Токурбек датка аминдер,
Бейиштен жүрсө оомийин деер.
Сарыколдук жалпы элиме,
Салтыны сактап журсин деп.
Саламат эсен болсун деп,
Сапарлаш болуп жолунда,
Жылоолоп кызыр оомийин деер.
Жылтырак жиптум ат жабдык,
Жылдызды кууп ат чаптык.
Кумуштен боолу ат жабдык
Кылымды кууп ат чаптык.
Доорду керген нечендеп,
Тоолорду суйдук мекендеп
Сары колдун ичпейт тарых
Мезгилдер жааган бекемдеп,
Күнгөйгө чаап күлүктү,
Өчүрбөй жанган биликти.
Аталар жүргөн астейдил,
Көтөрүп бийик түндүктү.
Элеси өчпөйт Сары-Кол,
Эңкесин өкчөйт Сары-Кол.
Ата-эне жайык алган жер,
Эң ыйык бизге жерибиз.
Ысымың өчпөс түбөлүк,
Ырларым далил күбөлүк.
Кай жерде болсо урпактар,
Тагдырлар айдап тураттар.
Унутпай эстеп жүрөбүз.
Бабалар өткөн тарыхым,
Башаты өмүр тагдырдын.
Санжыра салтын жоготпой,
Кыл чокудагы сандыгым
Сандыгым жашайт Сарыколум.
Бүркүттүн тууру күмүштө,
Сулуунун сыны жүзүндө
Улуттун наркы санында эмес,
Салтыны сактап жүрүүдө.
Тулпарда жуган алтындан
Шумкардын боосу асылдан
Кадыры журттун кашта эмес
Сактаган ыйык тилинде
Сан кылым өтсө сакталып
Сарыколдун баркы тилинде
Салтыны бекем кармаган
Кадыры баркы дининде
Бабалар баскан тарыхым
Сарыколум бараандуу баскан дилинде

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *