Илгери-илгери бир абышка менен кемпир жашаптыр. Бир күнү абышка:
— Кемпир, мага көмөч нан бышырып берчи? — деп суранат.
— Унубуз жок болсо эмнеден бышырам?
— Э-эх, кемпир! Сен кампаны шыпырып, булуң-бурчтардан кырып көр. Ун чогулуп калат.
Кемпир ун салган кутунун түбүн кырып-шыпырып эки ууч ун чогултуп, каймакка камыр жууруп, майлуу кылып меште көмөч бышырды да, муздасын деп терезеге коё турду.
Көмөч нан жата бергенден тажап, томолонуп терезеден текчеге, текчеден полго түшүп, андан ары эшиктен томолонуп чыгып чөпкө, чөптөн жолго түштү да, андан ары жол менен томолонуп жөнөдү.
Көмөч томолонуп бара жатса алдынан коён чыгат:
— Көмөч, көмөч, мен сени жейм!
— Жебе мени, коёнек, андан көрө мен сага ырдап берейин, — деди да ырдап кирди.
Мен Көмөчмүн, Көмөчмүн,
Кампадан шыпырылгам,
Кычыктардан кырылгам,
Каймак менен жуурулгам,
Мен меш ичинде бышырылгам,
Терезеде муздатылгам,
Мен абышкадан кетип калгам,
Мен кемпирден кетип калгам.
Сенден, коён, оңой эле кетип калам! — деп көмөч андан ары томолонуп кетип калат. Коён аны караган бойдон кала берет.
Көмөч томолонуп токойдо бара жатса, алдынан карышкыр чыгат:
— Көмөч, көмөч, мен сени жейм!
— Жебе мени, көк жал карышкыр. Кел, андан көрө мен сага ырдап берейин, — деди да, көмөч ырдай баштады.
Мен Көмөчмүн, Көмөчмүн,
Кампадан шыпырылгам,
Кычыктардан кырылгам,
Каймак менен жуурулгам,
Мен меш ичинде бышырылгам,
Терезеде муздатылгам,
Мен абышкадан кетип калгам,
Мен кемпирден кетип калгам.
Мен коёндон кетип калгам,
Сенден, карышкыр, оңой эле кетип калам, — деп көмөч андан ары томолонуп кетип калат. Карышкыр аны карап кала берет.
Томолонуп бара жатса алдынан аюу чыгат:
— Көмөч, Көмөч, мен сени жейм!
— Кайдан сага, мени жемек май таман, андан көрө менин ырымды уксаң, — деди да ырдап кирди.
Мен Көмөчмүн, Көмөчмүн,
Кампадан шыпырылгам,
Кычыктардан кырылгам,
Каймак менен жуурулгам,
Мен меш ичинде бышырылгам,
Терезеде муздатылгам,
Мен абышкадан кетип калгам,
Мен кемпирден кетип калгам.
Мен коёндон кетип калгам,
Мен карышкырдан кетип калгам,
Сенден, аюу, оңой эле кетип калам.
Көмөч андан ары томолонуп кетет. Аюу аны артынан карап кала берет.
Томолонуп бара жатса алдынан түлкү чыгат:
— Саламатсыңбы, көмөч? Сен кандай татынакайсың. Көмөч,
көмөч, мен сени жейм.
— Түлкү, мени жебе. Кел, андан көрө мен сага ырдап берейин, — деди да, ырдап кирди:
Мен Көмөчмүн, Көмөчмүн,
Кампадан шыпырылгам,
Кычыктардан кырылгам,
Каймак менен жуурулгам,
Мен меш ичинде бышырылгам,
Терезеде муздатылгам,
Мен абышкадан кетип калгам,
Мен кемпирден кетип калгам.
Мен коёндон кетип калгам,
Мен карышкырдан кетип калгам,
Мен аюудан кетип калгам,
Сенден, түлкү, оңой эле кетип калам.
— Абдан сонун ыр экен! — деди түлкү. — Бирок, көмөч, мен карып
калдым, кулагым да жакшы укпайт, менин мурдумдун учуна отуруп алып, дагы бир жолу ырдап берчи, айланайын.
Анын ырын мактаганы үчүн көмөч кубанып, түлкүнүн мурдуна секирип отуруп алып ырын кайталады.
— Чоң ыракмат, көмөч. Ырыңды дагы бир жолу угайын. Менин тилиме отуруп алып акыркы жолу ырдап берчи, — деп тилин сунду эле, көмөч анын тилине секирди. А түлкү болсо “ап!” деп көмөчтү жеп койду…
Аябай сонун экен мага абдан жакты
Эң соонун, керемет. Балдарга аябай жагат, соонун жомок.
Ооба
Соонун жомок
Магада аябай жакты аябай сонун жомок
Сонун, балдарыма дайма окуп берем
Сонун
Абдан соонун