Кыргыз жерин аталар кан төгүп, сактап келген,
Үмүт кылган менден, сенден.
Аздектеген Ата-Мекен,
Болгон эмес эл душманы өз ичинен.
Алдейлеген Ата-Мекен,
Айырмасы болбош керек ата-энеңден.
Акылыма баш ийбеген баатыр жүрөк,
Үзүлбөгөн үмүт менен жанды үрөп.
Үмүт өчпөйт канымда намыс бар жаралгандан,
Алыс эмес агарган таң.
Элиң үчүн, жериң үчүн,
Эркиң жетсе аябагын болгон күчүң.
Элиң үчүн, жериң үчүн,
Милдетиң бар актагандай эне сүтүн.
Элим үчүн, жерим үчүн,
Эрким жетсе аябаймын болгон күчүм.
Элим үчүн, жерим үчүн,
Милдетим бар актагандай эне сүтүн.
Куралбек Чокоев — Ата Мекен тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 570