Кыргыз эл жомоктору бир нече муундагы балдарды тарбиялап келген, анткени алар ар дайым кызыктуу, пайдалуу болгон. Балага ата-бабалардын салт-санаасы жана жашоосу жөнүндө билим берүүнүн эң жакшы жолу.
Жомоктордун тарбиялык таасири — кандай гана оор, кыйын нерсе болбосун адам баласы аларды жеңе алат, акыры чындык, актык адам- ды бакытка бөлөйт деген ойду сиңдире алгандыгында.
Жомоктордун окуяларын жана каармандарын сүрөттөөдө чек жок, каармандар ойго-тоого, жер астына, асманга кете берет, андыктан мындай чыгар- малар биздин учкул кыялыбызды өстүрүүгө, көтөрүүгө аябай жакшы көмөк берет.
Биз өзүбүз да жомокторду чыгарып, жомок дүйнөсүндө жашап калган учурлар болот.
Жомоктор өтө кыска 2-3 саптан тартып, бир нече күндөп айтса да түгөнбөгөн көлөмдө эл арасында тарайт.
Кыргыздарда ар бир ата-эне, чоң ата-чоң эне түпкүлүгүндө жомок айтып бере алат, дүйнөдө жомок чыгаруу жана жомок таратуу жагынан кыргыздардай таланттуу калк жок болсо керек. Элибиздин тоолору, токойлору, суулары, аскалары, жаныбарлары, асманы, өсүмдүктөрү, булуттары… туруш-турпаты менен эле жомокту элестетет.
Анда силер менен элибиз жараткан ошондой сыйкырдуу дүйнөгө киребиз.
Бул баракчада кыргыз эл жомокторун балдарңызга окуп берсеңиз болот. Бул жомоктор илимий жана популярдуу жыйнактардан тандалып алынган.
Жакты
Мага жакты жомоктор рахмат
Аябай жакшы экен
Жакты
Эн сонун мага жакты
Салам балыка балдар Жана кол боюндагы
Кум сепилдер деген жомок барбы
Кулпу деген жомок жок экен
Кандайсын
Мага жакты рахмат
Дрьбш
Чота кыш жөнүндө жокко
Тарбиялуу балдарьз
Боёктор жөнүндө жомоктор
Мага жакты рахмат