Бакыт-таалай каякта?

Үч бир тууган болуптур. Ата-энесинен эрте жетим ка-
лышат экен. Балдар эр жетип чоңоюп, өз алдыларынча

оокат кылып, үй-жай күтүүгө аракеттенишип, байга малай

жүрүшөт. Күндүр-түндүр кара жанын карч уруп, байдын жу-
мушун аткарышат. Канчалык эмгектенишсе да, күндүк тап-
каны күнүмдүк оокатына жетпейт.

Бакыт-таалай каякта? 3

Эң улуусу бир күнү инилерин чогултуп:

«Бул бизге оокат эмес экен, андан көрө жер кыдырып ба-
кыт, таалай издеп табалык» ‒ дейт. Инилери макул көрүшөт.

Жолго чыгышат.

Бир туугандардын баспаган жери, ашпаган тоосу, кечпе-
ген суусу калбайт.

Ачка болуп кыйналган кезде жер айдап жаткан дыйкан-
га келишип, эси ооп жыгылышат. Дыйкан аларды үйүнө

алып барып нан, жарма берип тойгузуп, эмне мынча чаа-
лыгып-чарчап, жер кыдырып жүргөндөрүн сурайт. Балдар

болгон сырларын жашырбай айтып беришет.
Дыйкан талаадагы тилкени көрсөтөт:

‒ Муну анча тереңдетпей казып чыккыла, бош жери кал-
басын! Ушул аянттын карыштай жерине бир заманда алтын

катылыптыр деп укканым бар.

Бир туугандар тилке жерди бүт казып чыгышты. Бирок
алтын таба алышпады. Дыйканга келип, жаңжал салышты.

‒ «Шашпаган жетет муратка, шашып кетип калбагы-
ла уятка» деген сөз бар. Андан көрө ошол казылган жерди

бош таштабай буудай эгип таштагыла! ‒ дейт дыйкан кү-
лүмсүрөп.

Тигилер мостоё түшүшөт. Бирок эми андан башка айла

калбаганын түшүнүшкөн бир туугандар дыйкандын айтка-
нын кылышат.

Күркүрөгөн күздө ошол аянтчадан аябагандай мол түшүм

алышат. Ошондо гана ага-инилүү жигиттер бакыт-таалай-
дын кайда болорун түшүнүшкөн экен.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •