Кыргыз эл жомоктору

Бала жана ак куулар
Бала жана ак куулар
06.05.2020 38
Бала: ‒ Ай, ак куулар, ак куулар, Асман, көлдө шат курар. Барбы сүйгөн ишиңер,Барбы өнөр күчүңөр, Баркын билип жактырар?Ак куулар: ‒ Көлдө...
Толук окуу
Алданган карышкыр жомок
Алданган карышкыр жомок
05.05.2020 27
Алданган карышкыр аудиосун угуу Илгери-илгери капчыгайлардагы коргул таштардын арасына бир түлкү ийин жасап алып, анда көп жылы жашап, тар ийинге эч ким...
Толук окуу
Түлкү менен карышкыр
Түлкү менен карышкыр
04.05.2020 83
Бир күнү түлкү куйругун булактатып, тилин саландатып, ээн жерде келе жатып, жалгыз аяк жолдун таманында жаткан койдун куйругун көргөндө кубанып кетти. Аны...
Толук окуу
Аю менен чиркей
Аю менен чиркей
25.11.2019 53
Аю менен чиркей аудиосун угуу Дөбөдөй болгон чоң аю муштумдай болгон коёнду кармап алып, эч бир  жазыгы  жок  байкушту  кулагынан  чойгулап  кыйнайт. ...
Толук окуу
Күкүк менен зейнеп
Күкүк менен зейнеп
25.11.2019 26
Күкүк менен зейнеп аудиосун угуу Илгери-илгери  бир  куш  жыгачтын  башына  уя  салып,  эки  балапан чыгарат.  Ал  балапандардын  биринин  аты – Күкүк,  экинчисинин ...
Толук окуу
Булбул
Булбул
25.11.2019 61
Булбул аудиосун угуу Байыркы заманда бир чал булбул менен дос болуптур. Чал мергенчи да, комузчу да экен. Ал ар күнү мылтыгын ийнине...
Толук окуу
Эки улак
Эки улак
25.11.2019 15
Эки улак аудиосун угуу Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп тынбай, жан жактарын каранып секиришет. Бир жагында калың бадал,...
Толук окуу
Асан менен Үсөн
Асан менен Үсөн
25.11.2019 29
Аудиосун угуу Илгери, илгери бир чал-кемпирдин Асан, Үсөн деген эки баласы бар экен. Бир күнү чал отун алып жүрсө, калың куурайдын ичинен...
Толук окуу
1 2 3 4 5

Кыргыз эл жомоктору бир нече муундагы балдарды тарбиялап келген, анткени алар ар дайым кызыктуу, пайдалуу болгон. Балага ата-бабалардын салт-санаасы жана жашоосу жөнүндө билим берүүнүн эң жакшы жолу.

Жомоктордун тарбиялык таасири — кандай гана оор, кыйын нерсе болбосун адам баласы аларды жеңе алат, акыры чындык, актык адам- ды бакытка бөлөйт деген ойду сиңдире алгандыгында. 

Жомоктордун окуяларын жана каармандарын сүрөттөөдө чек жок, каармандар ойго-тоого, жер астына, асманга кете берет, андыктан мындай чыгар- малар биздин учкул кыялыбызды өстүрүүгө, көтөрүүгө аябай жакшы көмөк берет. 

Биз өзүбүз да жомокторду чыгарып, жомок дүйнөсүндө жашап калган учурлар болот. 

Жомоктор өтө кыска 2-3 саптан тартып, бир нече күндөп айтса да түгөнбөгөн көлөмдө эл арасында тарайт. 

Кыргыздарда ар бир ата-эне, чоң ата-чоң эне түпкүлүгүндө жомок айтып бере алат, дүйнөдө жомок чыгаруу жана жомок таратуу жагынан кыргыздардай таланттуу калк жок болсо керек. Элибиздин тоолору, токойлору, суулары, аскалары, жаныбарлары, асманы, өсүмдүктөрү, булуттары… туруш-турпаты менен эле жомокту элестетет. 

Анда силер менен элибиз жараткан ошондой сыйкырдуу дүйнөгө киребиз.

Бул баракчада кыргыз эл жомокторун балдарңызга окуп берсеңиз болот. Бул жомоктор илимий жана популярдуу жыйнактардан тандалып алынган.

Кыргыз эл жомоктору: 72 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *