Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.
Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.
Сыйласын-сыйлабасын башка бирөө,
Ырымды билгендердин,
Сырымды билгендердин эсиндемин
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Кыргызбай Осмонов — Баркымды билгендердин эсиндемин тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 32889
Даггы коп кыргыз ырларын жуктогулочу сураныч
Сонун ыр экен
жакты сонун экен
Ассолому алейкум тууганым
Жакшы ыр саптарын чыгарыныздаар.
Ийгиликтер каалаймын.
Обону кимдики