Туш тарабы курчалган тоолор менен,
Жайы-кышы тулаң чөбүн малдар жеген.
Жаратылыш көркү сонун Токтогулдун,
Элинин да, жеринин пейили кенен.
Чычкан жээктеп эс алсаң жайындасы,
Тамшандырат тээ Талгардын кожогаты.
Түркүн кооз кубулушка таң калышып,
Бир көргөндөр жергеме, бир көргөндөр Токтогулга сугун артып.
Өнүп-өсүп кийинки жаш муундарың,
Сыймыктантат мыкты кыз-уулдарың.
Кетмен-Төбөм, кең өрөөнүм чалкып жаткан,
Асыл мекен, мен да өзүңдө туулганмын.
Мирлан Баеков — Токтогул тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 2570
Итагардын кожогаты
Супер