Бармактайынан үйүнөн кетип, ар кайсы байда жалданып иштеп жүрүп, аз-маз чоңойгон соң окуучусу болуп калган Пётр куунун жемин жедирбеген тыңдыгын Кожо Насирдин мугалим катары жактырчу эмес экен. Ал эми мугалиминин ач көздүгүнө Пётр чыдай албачу. Андыктан көп каяша айтар эле.

Бир жолу Кожо Насирдин окуучуларына мындай деп эскертет:

— Эртең үйүңөрдөн бирден жумуртка ала келгиле, кожоюн менен мекиян оюнун ойнойбуз.

Анын айтканын Пётрдан башка баардык окуучулар аткарышат. Пётрда тоок жок эле, болгон күндө деле анын жумурткасын ач көз Кожого бермек эмес.

— Силер балдар, мекиянсыңар, бүгүн бирден жумуртка туудуңар, мен аны чогулткан кожоюнуңармын, жаныңарга барганда кадимкидей какылыктап, жумуртканы калтырып ордуңардан тура качкыла, — дейт Кожо эртеси күнкү сабакта.

Ошентип мугалим жанына келгенде балдар жумурткаларын калтырып, какылыктаган бойдон тура кача башташат. Кезек Пётрга келгенде ал какылыктап туруп кеткени менен ордунда эч кандай жумуртка калбайт.

— Кана жумуртка! – деп кыйкырат Кожо жини келип.

— Кукареку-у! Мени деген короз дейт, кожоюн! Корозсуз мынчалык көп жумурткаңыз болмок эмес. Кукареку-у! – деп жооп бериптир мтайым Пётр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы62
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)58
Тамсил: Кемпир жана тоок33
Карышкыр менен эчки32
Булардын кайсынысы чоң30
Карышкыр жана жети улак30
Акылдуу кыз жомок27
Акылдуу балдар25
Бактылуу карылык жомок17
Кумурска менен жалкоо16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *