Падышанын үч күлкүсү

Бир күнү өтүнүч менен келгендердин арасынан те бурчта отурган адам гана падышадан эч нерсе суранбайт.

Аны көргөн падыша өз башын сылап койду. А тиги адам таазим эте жүгүнүп, оозун сылады. Падыша өз жүзүн сылады эле, тиги кокосун сылады. Падыша өзүнүн курсагын сылап койду эле, тиги өзүнүн бутун сылады.

Читать далее Падышанын үч күлкүсү

ПИЛДИН КЕЖИР БАЛАСЫ

Африкада пилдин бир абдан кежир баласы жашаптыр.

Бир жолу пилдердин бүткүл үй-бүлөсү сейилге чыкмай болушат.

— Жүргүн,- деди атасы.

— Барбайм,- деди кежир баласы.

Читать далее ПИЛДИН КЕЖИР БАЛАСЫ

ПАДЫША МЕНЕН КУЛТЕМИР

Илгери-илгери өзүн гана сүйгөн, өзүнөн башкага ишенбей шектенип мамиле жасаган, каардуу, залим падыша болгон экен. Ошондой кыялынан улам бир туугандарынан, өз аялынан, баласынан да шек санап, падышалык тагымды тартып алат деп, башка шаарга жашоого зордоп жер котортуп жиберет.

Падышанын сарайында балыкка тил, темирге жан киргизген бир устасы бар экен. Бир күнү ал ошол устасын чакырат да: «Мага айтканды «кың» дебей аткарган, колунан баары келген кызматчы темир кул жасап бергин»,- деп буюрат.

Читать далее ПАДЫША МЕНЕН КУЛТЕМИР

ПАДЫША МЕНЕН ВАЗИР

Бир күнү падышага  бир кайырчы дербиш келип мындай дейт:

– О шах! Мен бир сыйкырдуу сөздү билем. Эгер мен ал сөздү айтчу болсом менин жаным каалаган жансыз денеге көчүп кетет.

Шах өлгөн казды алып келүүнү буйрук кылып, ал алынып келингенде мындай дейт:

Читать далее ПАДЫША МЕНЕН ВАЗИР

ПЕТЯ-ПЕТУШОК ЖӨНҮНДӨ

Бар экен, жок экен, Петя-петушок деген короз болуптур. Таажысы өрттөй кызыл, жүндөрү жибектей жумшак, текөөрү бычактай курч, өңү болсо абдан кооз короз экен. Ал эми үнүчү үнү! Тимеле коңгуроонукундай таза, тунук жана бийик экен.

Бир жолу ал баардыгынан эрте ойгонуптур. Терезеден караса сырт караңгы жана тынч экен. Баардык жандуулар уктап жатышыптыр. Ал тургай күн да уктап калыптыр. “Жакшы эмес!”- деп ойлонду Петя-петушок. Ал ошол замат дубалдын үстүнө секирип чыгып кыйкырды:

Читать далее ПЕТЯ-ПЕТУШОК ЖӨНҮНДӨ

ПЁТР МИТАЙЫМ МЕНЕН КОЖО НАСИРДИН

Бармактайынан үйүнөн кетип, ар кайсы байда жалданып иштеп жүрүп, аз-маз чоңойгон соң окуучусу болуп калган Пётр куунун жемин жедирбеген тыңдыгын Кожо Насирдин мугалим катары жактырчу эмес экен. Ал эми мугалиминин ач көздүгүнө Пётр чыдай албачу. Андыктан көп каяша айтар эле.

Бир жолу Кожо Насирдин окуучуларына мындай деп эскертет:

— Эртең үйүңөрдөн бирден жумуртка ала келгиле, кожоюн менен мекиян оюнун ойнойбуз.

Читать далее ПЁТР МИТАЙЫМ МЕНЕН КОЖО НАСИРДИН

ПОПТУН АКЫЛСЫЗ УУЛУ

Поптун уулу болуптур. Эч нерсе үйрөнбөгөн, колунан да түк келбеген акылсыз, жалкоо экен, түгөткүр.

Теректей бой берип, теменедей акыл бербептир ага. Мурдун чукулап отургандан башканы билбейт. Бир күнү үйдө нан жок калып, кызматкерлердин бири жок, баары жумуш боюнча кетишкен. Поп баласын чакырып айтат:

Читать далее ПОПТУН АКЫЛСЫЗ УУЛУ