Күүгүмдөр күн нуруна ээрип күндө
Күн батса ай жарыгын берип түнгө
Жашоонун арабасы жүрөт тура
Жакшылар жүргөн үчүн жер үстүндө
Кайырма:
Өзөктү санаа менен жерип күндө
Өрөпкүм өзгөрүлгөн келип күндө
Жанаашып алгычакты мен аларга
Жакшылар жашаса экен жер үстүндө
Жай жылбай учат мезгил закымдаган
Жашоонун мыйзамынан башым даман
Шоорду күн жакшыларды түгөткөндө
Ошол кез болот окшойт акыр заман
Жанымды соолуттурар жайдан качып
Жакшыны жүргүм келет жандай басып
Азгырык дүлөй кылып турган чакта
Жакшынын үнүн угуу кандай бакыт
Роза Азимбаева — Жакшылар түгөнбөсүн жер үстүндө тексти
Датасы: 03.02.2021 Көрүүлөр: 1300