Эңкээ чыккан талдайсың
Эрмекке жаным кандайсың
Эки үйгө жарык шамдайсың,
Эсеби, сөзүң менен алдайсың,
Ээн жакка барбайсың.
Эзилген курут, кошкон май
Эзилип бышкан жалдайсың.

Адырга чыккан талдайсың.
Ашыкмын, жаным кандайсың?
Алты үйдө жарык шамдайсың,
Ар сөзүң менен алдайсың,
Алыс жакка барбайсың,
Аралаш курут, кошкон май
Абыдан бышкан жалдайсың.

Көрүүдөн учкан чилдейсиң,
Кейигенди билбейсиң.
Кезегинде кеп айтсам,
Ээ, Макубек, ай, и-ий,
Кейигенсип сүйбөйсүң.

Кыядан учкан чилдейсиң,
Кыйналганды билбейсин,
Кыюусун таап кеп айтсам,
Ээ, алма, өрүк ай, и-ий
Кыйналгансып сүйбөйсүң

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *