Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп жамгыр төккөн,
Ошол күнүм кайда кеткен?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскерербиз,
Алгач сүйүү унутулбай.
Кайырма:
Саламат Садыкова — Жамгыр төктү тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 2030