Бир күнү сараң киши нан менен бал жеп аткан экен. Көчөдөн өтүп бараткан киши учурашып калды. Анын кирип келатканын көрүп, нанын шашып ката койду. Балды алып койгончо киши кирип калды. «Эчтеке эмес, – деп ойлоду сараң, – ал балдын баарын жалгыз жей алмак беле».
Келген кишиге айтат:
– Кел, балдан же, жактырсаң.
– Макул, – деп жооп берет конок, – бал деген жакшы нерсе да. Аябай даамын мактап, балдан сугунуп жей баштады.
– Ооба, – дейт сараң, – чындыгында даамы сонун. Бирок балды көп жесең жүрөгүң ооруп калып жүрбөсүн, ал күчтүү да.
– Туура, – дейт конок. – Жүрөк ооруп калат. Бирок кимдики ооруйт болду экен? Сеники эмеспи?!