Бир киши уулдуу болуп абдан кубанат. Ал баласына бешик жасатыш үчүн жыгач устага келип, бир риал[1] берип мындай деди:
— Уулдуу болуп жетине албай турам, бешик жасап берчи.
— Макул, кийинки ишембиде келип буюртмаңды алып кет.
Бул жума күн эле, кийинки ишембиге чейин дагы сегиз күн бар болчу, андыктан уста бешикти жасап үлгүрмөк. Көңүлү тынч үйүнө жөнөгөн буюртмачы күн санап, туптуура сегиз күн өткөндөн кийин устадан бешигин сураса, тигиниси:
— Азырынча даяр болбой жатат, бир жумадан кийин кел.
Бир жума дале болсо көп көрүнбөгөн кожоюн үйүнө кайтып барып, дагы бир жумадан кийин келип, баягы эле жоопту укту. Ошентип буюртмачы жума өткөн сайын келе берди, уста баягы эле жообун айтат. Ошентип жылдар өттү, баягы бешикке жатпай калган бала жыйырмага чыгып үйлөндү, жыйырма биринде уулдуу болуп, баласына бешик жасатмай болду. Муну уккан атасы баласына мындай деп турду:
— Бешикке буюртма берип койгонума көп жыл болду, баргын да аны алып келип бөлөй бер неберемди.
Жигит устага келип сурап турду:
— Атам мен төрөлгөндө бир риал берип жасатмак болгон бешикти бериңиз.
— Ме, алчы риалыңды, бул ишти шашпай бүтүрөйүн десем эле демитип туруп алдыңар! — деди уста нааразы боло тыйынды ыргытып.