«Кап» этпесе угуп койчу мындай болгон окуя,
Чындык болбос калп нерседей жай айтылган акыя.
Көгүчкөндөр учуп жүрөт бир айылда тыптынч,
Жан көрүнбөйт тегеректе болуп турса чак туш.
Эшикке чыкты бир карындаш кызыл өтүк кийген,
Сулуу чырай келбетине ишенгенин билген.
Шаарды көздөй сапар алды саркеч сумка асынган,
Кандай болот келечеги тагдырына таарынган.
Чимирилип ылдый түшөт кызыл сары жалбырак,
Көздөн агат жаш куюлуп көкүрөккө тамчылап.
Кабак бүркөп кейип-кейип калаа көздөй келатат,
Үйдөн качып уруш менен эркиндикке баратат.
Өрүп жүргөн жибек чачты белге таштап чачты,
«Өзүм түзөм өз жашоомду!» – деп кыйкырып качты, —
«Мен түшүнгөн өмүр жарды издештирип табамын,
Өзүм деле сулуу кызмын жакканымды чабамын!»Бул жашоодо баары болот капа болбо карындаш,
Түз узасан тез жетесин жоолук азды кайып каш.
Бактылуулукту эңсейсин жолок болгон асыл таш,
Оозду чүйрүп: — «Жебейм дейсиң!» — суусап алды кашыкташ.
«Бул жашоого жеткен арман Кудай өзү кечирсин,
Турмушуңда өзүң карман ката сенден кетпесин!»
Деп айтчу эле сага энең күндө мээңди жегенде,
Сен укпадын аны деги: — «Билем, билем!» – дедиң сен.Титиреген эриндериң муздадыбы таштан,
«Сүйөм, сүйөм, сүйөм!» – дедиң, сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган кучагына жолодуң,
«Күйөм, күйөм, күйөм!» – дедиң. Күйүп кеттиң, кор болдуң.
Титиреген эриндериң муздадыбы таштан,
«Сүйөм, сүйөм, сүйөм!» – дедиң, сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган кучагына жолодуң,
» Күйөм, күйөм, күйөм!» – дедиң . Күйүп кеттиң, кор болдун.Сейил бакта эс алганда көрүп калдым ал кызды,
Дарак сүйөп жалгызданып, көктү тиктеп жалынды.
Көзүң тузун кошо жууду өксүп-өксүп ыйлаган,
«Не болду?» – деп сурангандан тилим барбай кармалган.
Ыйдын ачуу добушуна денем бою кысылып,
Не дээримди билбей калдым сөзүм тилге кыпчылып.
Оюм кетти жаман жакка. «Ташталдымбы бечара?!»
Оюнчуктай оюн болдуң булгандыңбы таптаза.
Алдандыңбы таттуу сөзгө бир максатты көздөгөн,
Сүйүүң күйүү болуп кетти капилеттен күтпөгөн.
Өзүң назик, ишенчээксиң! Не көздөйсүң бул жолду,
Акыл келет тайгаланып ыйлап бүтүп бирге өлдү.
Не кыл дейсиң азыр турмуш бүт жагынан бузулган,
Арам нерсе мода болуп, жаман жолго алпарган.
Төштү ачып суктандырып, чакырасың шайтанды,
Жакын келип денең менен, өзүң баштап жаманды.
О шайтаның качып! Чапташтырган эй заман,
Сен жактырган нерселерди териштирсең бүт жалган.
Сактап жүргүн жеңил болбой кыздыгыңды намысты,
Кол тийгизбе ойноктобой сылаттырып чачыңды.
Сен сөздөрдү туура түшүн эрке боюң актабайм,
Менде да бар карышдашым ага жаман каалабайм.Бул жашоодо баары болот капа болбо карындаш,
Түз узасан тез жетесин жоолук азды кайып каш.
Бактылуулукту энсейсиң жөлөк болгон асыл таш,
Оозду чүйрүп: — «Жебейм дейсиң!» — суусап алды кашыкташ.
«Бул жашоого жеткен арман Кудай озу кечирсин,
Турмушуңда өзүң карман ката сенден кетпесин!»
Деп айтчу эле сага энең күндө мээңди жегенде,
Сен укпадың аны деги: — «Билем, билем!» – дедиң сен. Титиреген эриндериң муздадыбы таштан,
«Сүйөм, сүйөм, сүйөм!» – дедиң, сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган кучагына жолодуң,
«Күйөм, күйөм, күйөм!» – дедиң. Күйүп кеттиң, кор болдуң.
Титиреген эриндериң муздадыбы таштан,
«Сүйөм, сүйөм, сүйөм!» – дедиң , сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган кучагына жолодуң,
«Күйөм, күйөм, күйөм!» – дедиң. Күйүп кеттиң, кор болдуң.