Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайдары селки эсимде.
Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сыры тереңдеп.
Агарып тоодон таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан.
Калды го бекен эсинде,
Кыйышпай күлө карашкан.
Антыңды ойлоп таңдагы,
Көңүлүм сенден калбады.
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөй болсун алганы.
Токтобек Асаналиев — Эсимде тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 2545
Мага абдан жакты
Ката жок
Эсимде ыры
Мага абдан жагат токтобектин ырлары укулукту жана баары угат мунунун ырын
Эн сонун мыкты арлар 5 беш мактоо