Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
Апамды мен кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү.
Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин өзгөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Жүрүштөрдө күнгө жеткен кулачың.
Шаштым кетип бошоңдосо сабырым,
Жолдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин терең жайган тамырым.
Кубанчыма, кайгыма да тең шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым, алтын туткам кутманым,
Бул дүйнөгө сен тургузган эстелик.
Токтобек Асаналиев — Толгонуу тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 18554
Эн соонун чыгарма
жакты
ииииир иииииттпи
ыр жакты
Сонун
Ыр жакшыбы,,!!
Жакты,,!
Жакты
Сонун аткаруу
Женишбек Шамшиевтин эн жакшы ыры.
Ката жок
Жок
Эн сонун
Монус от жакты