Ай нуру бизге төгүлдү,
Алтыным аччы көңүлдү.
Ардактап жүрүп өтөлү,
Алдыда турган өмүрдү.
Күн нуру бизге төгүлдү,
Күмүшүм аччы көңүлдү
Гүлдөтүп жүрүп өтөлү,
Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү.
Жалбырак учуп дирилдеп,
Жабыккан түрүн билдирет
Жашылдуу кезде жайнайлы,
Жашообуз канча ким билет.
Алыска кетем эл үчүн,
Айланып келем сен үчүн.
Атайы ырдап жүрөгөр
Асылкеч курбум мен үчүн.
Токтобек Асаналиев — Ырдап жүр тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 827