Көчмөн цыгандардын тобу жол жүрүп бараткан жерден кооздугу укмуштай токойго токтойт. Айлана толо шалбаа. Чөбү чабылып, көк кыртышы кайрадан кылайган жерге жеткенде топ башы үн катты:
– И-и, ромалэ, шул жерге токтойлу. Аттарды арабадан чыгарып, бир азга чалдырып алалы. Кыштакка жетүүгө көп бар, бирак бу жерге түнөбөйбүз. Болгону дене бой жазып дем алгыла!
Аттарды арабадан бошотуп, көк шиберге откозушту да өздөрү от тутантып, самоорго чай коюп өзөк жалгамак. Цыгандардын бирөөсүнүн барып турган сулуу кызы болуптур. Ал кыз алыс эмес жердеги ташка көчүк коюп, өзү менен өзү ойлуу.
Кокустан токой ичинен бою пекене, белине кендир байланган карыя чыкты. Ал кимбир-бүрөөнү издеп келгенсип көрүндү. Анан ал келишкен сулуу кызды көрөрү менен жанына барып, этегин баса отурду. Отурганда да кыздын жүзүнө кадалды. Кыз чочуганынан кыйкырып жиберди:
– Ромалэ! Жоготкулачы могу кишини! Эмне болгон неме бу? Сөлдөйгөн чал кайдан келди? Мени эмне мынча жутуп ийчүдөй тиктейт? Колуңарга шиш алып, ромалэ экениңерди көрсөткүлөчү буга. Ургула, соккула!
Колдоруна шиш алган цыгандар тигиге жабылмай болду эле, арыдан төлгөөчү кемпир айкырыкты салды:
– Бул адамдан колуңарды тарткыла! Жакындаганга болбойт! Ал азыр турат да, кетет.
Кемпир анан таза табак алып, ага бир кесим нан, чымчым туз, тооктун жумурткасынан салды да, чалга алып барып карматты. Карыя кемпирдин колундагы даамды алаары менен ордунан туруп жөнөп кетти.
Анан ал токой жээгине жетип катуу үн салды:
– Болуптур, мени билип койгонуңар үчүн – силерге тийбедим. – Карыя өз алаканын шак чаап каткырды эле, бою көккө өсө баштады. Көз алдыда бийиктеп, баягы пекене бой карыянын башы теректерден да ары узарды. Бийиктегенден бийиктеп барып ышкыр эле, көздөн кайым болду.
– Эх, ромалэ, ромалэ, – деп кейиди төлгөчү кемпир, – силер кимге кол көтөргүңөр келди? Ал деген токойдун ээсинин атасы. Агер ал «фү» деп үүлөчү болсо, жер жуткандай жок болмоксуңар, – деген экен.