Бир жолу адилетсиз падыша өлкөсүндөгү уздарды чакыртып, өзүнүн боюна чоң да эмес, кичине да эмес жамынчы тигүүнү же токууну буюрду. Эч ким анын бул буйругун так аткара албагандыктан падыша алардын баштарын алдырып салат.
Бир күнү падышага бир тикмечи келет.
— Падышам,- дейт ал.- Мен сенин боюңа чапчак келген жамынчы тигип берем.
— Тигип көр, бирок алдын ала эскертип койоюн: аз-маз кичине же кең болчу болсо башыңдан айрыласың!
— Макулмун,- деген тикмечи жумушка киришип, атайылап эле бир топ кыска жамынчы-жууркан тикти. Ишти бүткөргөнүн хандын кызматчыларынан айттырып жиберип, ал чакырган күнү тиккен жуурканын хандын алдына коюп, өзүнүн алжапкычынын алдына өрмө камчыны катып коёт.
— Падышам, көп жашаңыз! Мен сиз буйрук кылып тиктирген жамынчыңызды алып келдим. Өз боюңуз менен ченеп, өз көзүңүз менен көрүп алыңыз.
Падыша мамык төшөк салынуу жерге жатып, төшөктү жамынганында ал бутун жаппай калат. Ошондо тикмечи алжапкычынын алдына каткан камчысын алып чыга калып:
— Төшөгүңө карап бутуңду соз!- деп падышанын жылаңайлак таманына чаап калды эле, ал бутун жууркандын алдына ката салды.
Бул акылдуу айтылган сөзгө жыгылган падыша тикмечинин башын алмак тургай кайра ага жакшы сыйлык берип узаткан дешет.
Ошондон соң: “Мурдуңа карап ышкыр, алыңа карап иш кыл. Төшөгүңө карап бутуңду соз” -деген сөз калыптыр элде.