Ачылган гүлдөй жадырап жамалың жарык,
Билбеймин сага кайсы күнү калдым арбалып.
Качанкы өчкөн сезимге кайра жан бердиң,
Эх, гүлдөй болгон сулуусу бардык перинин.
Кайырма:
Сенсиз мага, сенсиз мага,
Жашоонун маңызы жоктой.
Сенсиз мага, сенсиз мага,
Өмүрдүн кызыгы жоктой.
А менсиз, менсиз сага,
Жашоонун маңызы барбы?
А менсиз, менсиз сага,
Өмүрдүн кызыгы барбы?
Өткөнчө өмүр өзүңдү эле сүйөмүн,
Алыска кетсең, күтүүдө өтөр күндөрүм.
Билемин сага ашыккан жалгыз мен эмес,
Менден да башка канчалар жүрөт жетпестен сага.
Кайырма:
Жоодарбешим — Сенсиз мага… тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 763