Абдан сараң бир бай болуптур. Өмүрүндө бирөөгө бир нерсе берип көрбөптүр. Бир күнү Будамша деген эпчил жигит досторуна: “Керек болсо мен сараң байдыкына кирип тоюп чыгам”, — дейт. Достору ишенбей мелдеше кетишет. Будамша ошол эле күнү сараң байдын үйүнүн артындагы эски ийиндин үстүнө келип таягын чапчудай белен кармап отуруп калат. Аны көргөн бай басып келип сурайт:
— Эмне отурасың?
— Менин атым Болушунча тойгуз. Мына бул ийинге бир калтар түлкү кире качты. Чыкчу болсо чаап алып пайда табайын деп аңдып отурам. Соодагерлерге көрсөтсөм үч алтын динарды жөн эле карматышат же өзүм эле жака кылып алсамбы. Бирок аябай суусадым. Менин ордумда отура турчу, сеникине барып суу ичип келейин.
— Түлкү чыга калсачы? – деп сурайт бай калтар түлкүнүн терисине кызыгып.
— Жакында чыкпайт ко. Чаап алсаң түлкү сеники болсун анда, — дейт Будамша.
Бай макул болот. Ошентип Будамша байдыкына кирип, суу ичип, малайлар менен сүйлөшүп көпкө отуруп калат. Будамша чыккыча түлкүнү чаап алышты ойлогон бай буга ичинен кудуңдайт. Бирок Будамша көпкө кармалып, түлкү чыкпаганда алданып жатканынан шекшинип кыйкыра баштайт. Күйөөсүнүн үнүн угуп үйдөн аялы баш багат, ары жактан Будамша көрүнөт.
— Эй, Болушунча тойгуз! Болушунча тойгуз болбойсуңбу!
Аял таң кала түшүп Будамшаны карайт. Ал учурдан пайдаланып:
— Күйөөң экөөбүз жана сүйлөшкөнбүз, ал мени болушунча тойгузмак. Мен ал кайтарып отурган калтар түлкүмдү бермекмин, — дейт. Аял жагдайды түшүнгүчө бай кайра кыйкырат:
— Эй Болушунча тойгуз, Болушунча тойгуз! Түлкүң качан чыгат эми!
Муну уккан аял Будамшаны үйгө ээрчитип кирип алдына баарын жайнатат. Будамша карап турмак беле, ашап кирет да, болушунча тоёт.