«Бири-бирине жардамдашуу — бир туугандын милдети»
Илгери бир заманда эки бир тууган атасынан калган жерде жашашыптыр. Чонунун үй-бүлөсү бар экен. Кичинеси али үйлөнө элек эле. Алар күнүгө кечинде талаадан топтоп келген буудайын тен ортодон бөлүп, кампасына салып алышат экен.
Иниси бир күнү отуруп алып өзүнчө ойлонот. Анан ал акыры: «Минтип буудайды тен ортодон бөлүү туура эмес. Анткени, менин али үй-булөм, балдарым дагы жок. Андыктан көп буудай алуунун кажети жок» деп чечет. Анан ал түнкү убакта жашыруун барып, бир кап буудайды агасынын кампасына коюп коёт.
Агасы да өзүнчө отуруп алып: «Инимдин үй-бүлөсу жок.
Эртен үйлөнүп калса, акчасы да жок. Ушул буудайлардан сатышка туура келет. Андыктан мен өзүмдүн буудайымдан берип коёюн» деп ойлонот.
Ал дагы ошол түнү туруп, бир каптан буудайды алып, инисинин кампасына жашыруун коюп коёт.
Мына ушинтип ар түнү экөө бири-бирине билгизбей бир каптан буудайды кампаларына коюп коюшат. Ошондуктан экөөнүн тең буудайы такыр азайбайт.
Буга тан калышкан бир туугандар: «Оо Кудай, бул буудайлар эмнеге такыр азайбайт» деп ойлошот ичтеринен.
Ошентип күндөр өтө берет. Мына дагы ушундай күндөрдүн бир түнүндө иниси бир кап буудайды алып агасынын кампасын карай жөнөйт. Агасы да бул учурда инисинин кампасын карай бир кап буудайды жонуна коюп алып келе жаткан болчу. Ага-ини жолдо ушундай абалда жолугушуп калышат. Алар бири-бирин карашып, анан буудайлары эмне учун азайбаганын эми гана тушунушөт. Каптарын жерге коюшуп, кубанышып, бирин-бири кучакташат.
Так ушул учурда алар бир тууган менен оокатын белүшүш керек экендигин эч ким айтпаса да мыкты түшүнүшкөн экен.
Чынында эле бир туугандар менен колубузда болгон оокатыбызды бөлүшө турган болсок, анда дасторконубузда дайыма береке болот.
Белушуш