«Жакшылык кылуу жакшы инсандардын өзгөчөлүгү»

Улуу тоонун ары жагында «Укмуштар өлкөсү» деген өлкөдө бир суйкайган сулуу ханыша жашаптыр. Ал ханышанын кичинекей наристеси бар экен.

Бул өлкөнү негизинен периштелер коргоп турушчу. Ал периштелердин да ханышасы бар болчу. Периштелердин баары сулуу ханышанын наристесинин айланасына чогулушуп, ыр ырдашчу.

Жада калса ханышанын айланасында да башка периштелер айланып, аны коргоп жүрүшчү. Наристенин айланасындагы периштелердин ханышасы башка периштелерге карап:

— Силер бул наристеге эң жакшы көргөн нерсенерди белек кылып беришиңер керек, -дейт.

Периштелер бешиктеги наристеге карашып каалоолорун айта башташат.

Анда биринчи периште:

— Мен сага көргөндүн көз жоосун алган сулуулукту белек кылып берем. Баарын суктандырып, таң калтырасын, — дейт.

Экинчиси:

— Мен сага ушундай сонун, мончоктой көз тартуулаймын. Эгер башка бирөө караса, анда аны сыйкырлап аласын, — дейт.

Анда үчүнчүсү:

— Мен сага узун бой тартуулайын. Бул дүйнөдө башка эч кимде ушундай кооз тулку бой болбойт — дейт.

Жогоркуларды уккан төртүнчү периште бешикке ийилип туруп:

— Сен аябай бай болосун. Эч качан кыйынчылык тартпайсын,- деп эн жакшы көргөн нерселерин тартуулайт экен.

Буларды уккан периштелердин ханышасы тартууланган нерселер тууралуу ойлонуп: «Сулуулук жаш өткөн сайын кетет. Көздүн, жүздүн сулуулугу гүлдүн жалбырагы сыяктуу күн өткен сайын соолуйт. Байлык дагы инсанды түбөлүккө бактылуу кыла албайт. Менимче, алар берген тартуулар бул наристени бактылуу кыла албайт…» дейт ичинен. Анан бул оюн периштелерге айтат. Муну уккан периштелер:

— Биз чынында мындан башка эмне бере алмак элек? — дешет.

Анда периштелер ханышасы:

— Мен бул наристеге жакшылыкты берейин. Жакшылык кылбаган инсан жыты жок гүл сыяктуу. Силер берген тартуулар түбөлүктүү эмес. Жакшылык болсо соолбогон кудук сыяктуу. Канчалык терендиктен суу алсан, ошончолук дагы суу тунук болуп чыга берет. Дүйнөдөгү түгөнбөгөн жалгыз нерсе бул-жакшылык,- деп айткан экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Жакшылык кылуу — Жакшылык тууралуу жомок: 2 комментарий

  1. Аябай жакты сабак алчуу жомок экен дагыда жакшы жомокторду жазуунуздарды сураныч кетет элек

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *