Бир янки кеч күздүн суук кечтеринин биринде Жаңы Лондонго келет. Албетте, узак жол басып чарчап, ат үстүндө үшүп келген ал жылуурак ашкана таап, от боюнда талыкшып отуруп, жакшылап тамактанып  алууну каалайт. Бирок ал кайсы  ашканага кирип ыңгайлуу жай издебесин, андай оттун табы тийген орундардын баары эле бош эмес болот. Андагы тамылжып тамактанып отургандар алыстан келген коноктун абалын дегеле түшүнгүлөрү келишпейт.

Орун бошотмок тургай, жада калса жылытып алган орундарынан аз-маз жылып дагы коюшпайт. Ошондо куулугун карматкан янки четтеги капталдан аңылдап суук уруп, алдыдан чучукка жеткидей муздак өткөн орундукта отуруп баарына угуза кыйкырат:

— Ак пейил кожоюн! Сыртта байланып турган карагериме ашканаңыздын эң сыйлуу тамагы болгон майлуу палооңуздан бир чоң табак алып чыгып бересизби!

Отургандар аны ормойо карашып, бул янкинин сөзүн каңырыш угуп алгандан бетер кайра өздөрүнүн ширин тамактары менен кызуу сөздөрүнө киришет.

— Алпейим кожоюн! Менин атым майлуу мантыны деле жакшы көрөт! Мүмкүнчүлүк болсо бир табак майлуу мантыңыздан анын алдына тартасызбы! — дейт янки кайрадан атка камкор ковбойлугун баардыгына туюнтуп.

Отургандар бул янки ачкылдан ашыгырак бастырып алган го деген ойдо жактырбай карашып, жылуу орундарынан козголушкан да жок.

Аздан кийин ичиркенген янки ашкананы  жоон үнү менен үч көтөрө кайра кыйкырат:

— Айкөл кожоюн! Эгер май манты менен ширин палооңуз даяр болбой жатса, менин карагерим  ысык шорподон ууртап, беш бармакты деле аймай берет! Кичипейилдикке суукта кайыгып турган ага бир чоң кесе ысык шорпо менен бир табак бешбармак бересизби?!

Акыры ашкананын кожоюну козголгусу келбеген кол алдындагыларын бул чалагайым же кызымтал сыяктанган кардарынын буйуртмасы боюнча кыймылдатып, даяр болгон шорпо менен бешбармакты булоолонто көтөрүп, янкинин карагерин өз колу менен сыйлаш үчүн сыртты карай жөнөдү. Бул тамаша эмес чын экенине көзү жеткен отургандар эт жеп, шорпо ичкен атты көрүш үчүн анын артынан сыртты карай дүрбөштү.

Аздан кийин ашкананын кожоюну сырттан шорпо менен бешбармакты ошол бойдон алып кирип, эми отко жакын жердеги алдына калың талпак, жөлөнгүчүнө жумшак килем капталган ыңгайлуу орундукта чалкалап отурган янкиге келип, аты тамак жебей койгонун айтты.

— Байкуш макоо жаныбар! Жашоонун жыргалы эмнеде экенин түшүнбөйт да! — деп улутунду янки. — Мейли эми, муздай электе мунун эсебин өзүм табайын. Алдыга коюңуз тамакты… Анан мунун артынан кычкылырак бирдемеңиз болсо жакшы болот эле…

Ооба, янкилер кандай кыйын абал болсо дагы оңой чыгышат!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы61
Акылдуу кыз жомок47
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Кырк калп жомок26
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар16
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *